Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

БУШ ВЕНГРИЯДА 1956-ЖЫЛКЫ КОЗГОЛОҢДУ ЭСКЕРЕТ


Ушул аптада АКШнын президенти Будапештте болуп, өлкө башчылары менен жолугат. Бир эле мезгилде Венгриянын 1956-жылкы коммунисттик системага каршы көтөрүлүшүн эскермекчи.

Мындан жарым кылым мурда, 4-ноябрда Будапештке советтик аскерлер басып киришкен.

- Бүгүн таң эртең менен советтик аскерлер Венгриянын баш калаасына чабуулга өтүштү. Көздөгөн максаттары - өлкөнүн мыйзамдуу демократиялык өкмөтүн кулатуу. Биздин аскерлер советтик күчтөр менен согушуп жатат. Өкмөт иштеп жатат.

Имре Надж - Венгриянын ошол кездеги өкмөт башчысы эле. Советтик армия каршылык көрсөтүүнүн таш-талканын чыгаргандан кийин Надж камакка алынып, эки жылдан кийин асуу жолу менен өлүм жазасына тартылган.

Ушул бейшембиде Жорж Буш Наджды жана 1956-жылы коммунизмге каршы венгриялык козголоңдо курман болгондорду эскермекчи.

Венгриянын президенти Ласло Шойом жана башка жетекчилер менен жолуккандан кийин АКШнын мамлекет башчысы түбөлүк отко гүл чамбар коюп, сөз сүйлөйт. Өз сөзүндө ал Венгриядагы жана жалпы эле Чыгыш Европадагы реформа жаатындагы ийгиликтерге баа берет.

1956-жылдагы төңкөрүшкө экономикалык кризис, жумушчулардын нааразылыгы жана турмуш деңгээлинин түшүп кетиши түрткү болгон. Андан үч жыл мурда Йозеф Сталиндин дүйнөдөн кайтышы да Чыгыш Европадагы айрым коммунисттик партияларды реформисттик канатка биригүүгө шыктандырып, эл өзгөрүштөрдү самап турган чак болчу. Коммунисттик көзөмөлгө каршы козголоң акыры талкаланган менен, серепчилер белгилегендей, ал чыгыш европалыктардын советтик системадан арылуу үчүн күрөшүндөгү бурулуш көз ирмем болуп калган.

Атилла Лендйел Будапешттеги Баласси Валинт институтунда Венгрия таануу факультетинде иштейт. Анын айтымында, 1956-жыл бүтүндөй советтик бийликтин чабалданышына алып келген:

- Коммунизмди ичинен кайра курса болот деген иллюзия түп-тамырынан жок болгон. Кийин коммунизмге каршы күрөшкө аттангандар коммунизмдин адамгергиликтүү жүзү болушу мүмкүн деген солчулдардын гана иллюзиясы экенине көздөрү жеткен. Венгриядагы революциячыл окуялардын илеби анын чек арасынан сырткары жактарга да таркаган.

Венгрлердин өздөрү үчүн козголоңдун улуттук мааниси бар. Анткени алар кылымдар бою көз карандысыздык үчүн күрөшүп келген. Лендйел белгилегендей, аз гана окуялар венгрлерди баш коштура алган, жана алардын бири дал ушул быйыл 50 жылдыгы белгиленип жаткан анти-коммунисттик козголоң болгон.

XS
SM
MD
LG