Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:13

Кафеде аялын сабаган киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги кафелердин биринде аялды сабаган кишинин аты-жөнү аныкталып, кармалды. Аялды урган күйөөсүнө үй-бүлө зомбулугу боюнча кылмыш иши козголуп, бирок, жабырлануучу арызын жазган эмес

Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, 11-сентябрь күнү саат 00:12де 102 кызматына шаардагы «Алмалуу» кафесинде үй-бүлөлүк чыр-чатак чыкканы боюнча кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милицияга токмоктолгон аял аны күйөөсү сабаганын айтып берген.

Бишкек шаардык милиция тараткан маалыматта Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча сотко чейинки териштирүү башталганы айтылган:

«Окуяны териштирүү үчүн жабыркаган аял милиция бөлүмүнө алынып келген. Бирок аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Бул окуя Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, шектүү катары 31 жаштагы жаранды кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул арыз боюнча да Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды».

Бир күн мурда социалдык тармактарда бети-башы көгала болуп, сабалган аялдын сүрөтү жарыяланган. Соцтармактардын колдонуучулары кызуу талкууга алган окуяда аялды күйөөсү ур-тепкиге алганы айтылып жатат.

Күйөөсү токмоктогон аял.
Күйөөсү токмоктогон аял.

Үй-бүлөдө аялдардын зомбулукка кабылышы - Кыргызстандагы талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. Быйыл июнда Сузакта күйөөсү аялын колун артка таңып, моюнуна дөңгөлөк асып, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы тартылган видео тарап, кызуу талкууланган.

Эки учурда тең жабырлануучу болгон аялдар күйөөсүнө каршы арыз жазган эмес. «Шанс» кризистик борборунун адиси Адинай Жапаралиева зөөкүр күйөөсүн аял басымдан улам аяйт деп эсептейт:

Адинай Жапаралиева.
Адинай Жапаралиева.

«Аял ушундай учурларда ар дайым басымда калат. Ал күйөөсү, кайын журту, таанышы же бейтааныш адамдан деле кысымга кабылышы мүмкүн. Ошол эле соцтармактарда пикирлерди окуп көрсөңүз, көбү күнөөнү аялдын өзүнө оодарат. Алар «тилин тартса мындай болмок эмес, өзү күнөөлүү» деп айыпташат. Муну окуган аял арыздануудан коркот. Арызын жазып, сотко чейин жетүү үчүн аялга эрк керек. Канчалаган кыйноодон кийин гана акыйкаттык үчүн күрөш башталат».

Жакында эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган иликтөөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогону көрсөтүлгөн.

Иликтөөдө айтылгандай, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгү – 30-39 жаштагы аялдар. Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда тогуз айда эле 3 686 учур «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталган.

Маалыматка ылайык, бул берене менен көп учурда кыз-келиндер күйөөсүнөн, атасынан же өгөй атасынан токмок жеген учурлар катталган. Дээрлик бардык токтотулган иште тараптар келишип алышкан, негизинен сабалган аялдар тосмо арыз жазышкан.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Айкөл Тургунбаева өкмөттүн зомбулукту алдын алуу чараларына токтолду:

Айкөл Турганбаева.
Айкөл Турганбаева.

«Өкмөт зомбулукту токтотууда бир канча субъектилерди иштеп чыккан. Алардын арасында укук коргоо органдары, жарандык сектор, коомчулук бар. Эгерде зомбулук болсо жабырлануучу эле эмес, ага күбө болгон бардык адамдар да милицияны чакырып, арыз жаза алат. Ошондой эле бизде күнү-түнү акысыз ишеним телефондору иштеп жатат».

Ал эми жарандык активист Эльвира Тилек зомбулук фактылары токтобой келгенине жазасыз калган учурларды жана мындай окуялардын коомчулук, өкмөттүн көз жаздымында калганы менен түшүндүрдү:

«Өкмөт зомбулукту алдын алуу механизмдерин иштеп чыгышы керек. Түшүндүрүү иштери мектептен башталышы керек. Ошол эле кезде коом өзүн өзү тарбиялаганга жетиши керек. Зомбулукту кадыресе көрүнүш катары көрсөткөн вайн, видеолорду токтотуу зарыл».

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 70% көбөйгөн. Жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп. 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG