Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 117 ыкчам линиясы түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 117 маалымат сурап билүү линиясын ишке киргизерин кабарлады.

117 байланыш телефону оор кырдаалга кабылган адамдарга, анын ичинде гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга кеңеш берүү максатында түзүлүп жатат. 117 номуруна чалуу акысыз. Зомбулукка кабылгандарга алгачкы укуктук жана психологиялык жардам берилет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 12% көбөйдү. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантин учурунда зомбулук 65% көбөйгөн.

Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышты. Экөөнүн артында жети бала калды. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG