Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:52

Этек аңдыгандардын эзүүсү


Кыргызстанда алгач ирет харассмент (жыныстык ыдык) масштабы жөнүндө изилдөө жүрдү. Анын жыйынтыгы өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көргөзгөн.

«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн изилдөөгө USAIDдин «Биргелешип башкаруу программасы» колдоо көрсөткөн.

Изилдөө анонимдүү жана сурамжылоо түрүндө мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоочу органдарда, чакан жана орто бизнесте иштеген аялдар менен кыздардын, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок шаарларында 2019-жылдын жай мезгилинде жүргөн.

«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн изилдөөдө жыныстык асылуу мамлекеттик ишканаларда жана окуу жайларында аябай көп экенин көрсөткөн.
«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн изилдөөдө жыныстык асылуу мамлекеттик ишканаларда жана окуу жайларында аябай көп экенин көрсөткөн.

Долбоордун эксперти Чынара Биялиева изилдөө жыныстык асылуу мамлекеттик ишканаларда жана окуу жайларда аябай көп экенин көрсөткөнүн айтты. Ал кыз-келиндер окуя тууралуу ачык айтуудан айбыгып, баарын ичинде кармоодон улам депрессияга кабылышарын белгиледи:

- Мен сурамжылоого катышкан кыздардын көпчүлүгү белгилеген сезимдер менен бөлүшө кетейин. Алар мындайча эскеришет: «Силер бул жыныстык асылуу ишке канчалык тоскоол болоорун элестете да албайсыңар. Керек болсо дем алуудан коркосуң. Дайыма «Жетекчи качан чакырып калат? Дагы асылабы?» деп титиреп отурасың».

Сурамжылоого катышкандардын 69 пайызы ушундай мүшкүл бар экенин айтышкан. Ар бир төртүнчүсү (23%) жумуш ордунда өзү жыныстык асылууга кабылганын белгилеген. Ошондой эле ар бир бешинчи (21,9%) студент кыз өзү окуган жогорку окуу жайында жыныстык асылууга кабылганын ачыкка чыгарган. Респонденттердин баары эле харассментке дуушар болгонун ачык айтпаганын жана моюнга алгысы келбегенин да белгилей кетүү керек. Алар изилдөөгө катышкандардын 20 пайызын түзгөн.

Изилдөөгө катышкан кыз-келиндер харассменттин кесепеттери тууралуу да ой бөлүшкөн.
Изилдөөгө катышкан кыз-келиндер харассменттин кесепеттери тууралуу да ой бөлүшкөн.

Мындай изилдөө эмгек жана кызмат мамилелериндеги гендердик басмырлоонун көлөмүн аныктоо жана келип чыккан тыянактардын негизинде учурдагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү максатында өткөрүлгөнү айтылды.

Бир жыл мурда Жогорку Кеңештин имаратында жыныстык ыдык көргөн депутат Элвира Сурабалдиева мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жана күчөтүү коомдогу салтка айланган адаттардан четтөөгө жана ою бузук адамдарды колго чабууга күч болуп берээрин билдирди:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Жыныстык ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзам долбоорун сунуш кылууга мен өзүм харассментке кабылганым себеп болду. Ошол лифтте болгон окуядан кийин бардык аялдар, кыздар ойлонгондой эле мен да күнөөнү өзүмдөн издей баштадым. «Балким менин жүрүм-турумум, кийимим себепкер болдубу?» деп ойлодум. Депрессиядан чыгууга убакыт кетти. Жыныстык асылуу жагдайында аял өзүн күнөөлүү сезишин аң-сезимге өзүбүз сиңирип койгонбуз. Кыргызстандагы кыз-келиндерге жумуштагы жагымсыз асылуу, каалабаган мамилени толугу менен жок кылуу үчүн мыйзам керек. Мыйзамды күчөткөндө гана коомдогу жагдайды өзгөртө алабыз.

Харассмент тууралуу изилдөөнүн жүрүшүндө жыныстык асылуу окуяларынан кийин жетекчилердин жазасыз калууну сезиши алардын күч органдарындагы жеке байланыштарына негизделгени аныкталган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гендер маселелери боюнча бөлүм башчысы Роза Бегматова мындай маалыматка кошулду:

Роза Бегматова. 22-ноябрь, 2019-жыл.
Роза Бегматова. 22-ноябрь, 2019-жыл.

- Бул жыныстык ыдык көрсөтүү гендердик кемсинтүүнүн ичинде болуп жатпайбы. Бүгүнкү күндө мыйзамда бул маселеге бөгөт коё турган нормалар жок. Ушундан улам жыныстык ыдык боюнча милицияга да эч кандай арыз түшпөйт. Эч ким кайрылбайт.

Жыныстык ыдык тууралуу коомдо ачык айтуудан сестенүү «бул жагдайда аял өзү күнөөлүү» деген коомдук пикирге барып такалат. Бул күнөөлүү адамдын жазадан кутулуп кетишине себеп болот. Аялдар болсо коомдун көз алдында өзүн күнөөлүү сезип калуудан коркуп, бул тууралуу ооз ачпоого мажбур болушат.

Жумуштагы жыныстык асылуу биринчи кезекте аялдарды кемсинтүү, «жеңилдик берем» деп ынак байланышты сунуш кылуу – жыныстык шантаж катары колдонулуп келет. Аялзаты үчүн анын кесипкөйлүгү эмес, жетекчи менен төшөк мамилесине барганы үчүн жумушунан жогорулоо мүмкүнчүлүгү басынтуу болуп саналат.

Көптөгөн аялдар үчүн жыныстык асылуу – бул чыныгы жаракат, андан кийин алар өздөрүн коопсуздукта сезе албай калышат. Изилдөөгө катышкан кыз-келиндер харассменттин кесепеттери тууралуу да ой бөлүшкөн. Анда эң көбү - 88 пайызы алсыздык сезимдин күчөшүн белгилешкен. Ал эми катышкандардын 28 пайызы өз өмүрүнө кол салгысы келгенин, 24 пайызы аргасыздан жумуштан бошоп кеткенин айтышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган корутундулардын негизинде Кыргызстандын мыйзамдарына жана кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Алардын ичинде «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    Сабыр Абдумомунов "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG