Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Статком: Аялдарга карата кылмыштар көбөйдү


Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.
Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.

Улуттук статистика комитети 2019-жылдагы аялдарга карата жасалган кылмыштардын жыйынтыгын чыгарды.

Комитет 2020-жылга карата катталган кылмыш иштери азыркы тапта такталып, изилденип жатканын «Азаттыкка» маалымдады. 2019-жылы 4,4 миң кылмыш жасалып, 2018-жылга салыштырмалуу 14% көбөйгөн.

2018-жылга салыштырмалуу адам уурдоо 2,3 эсе, зордуктоо 2,1 эсе, киши сатуу эки эсе көбөйгөн. 2019-жылы аялдарды мажбурлап никеге тургузууга байланыштуу 24 кылмыш иши козголуп, диний ырым-жырымдар менен нике жашына жетпеген курактагы кыздарды никеге мажбурлоо боюнча 11 кылмыш иши ачылды.

2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 7 818 адам кризистик борболорго кайрылган, алардын 85% 18-34 жаш курагындагы аялдар.

Аялдарга карата кылмыш кылгандардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт. Буга чейин 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнү айтылып келген. Жыл башынан бери бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG