Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Израил бардык авиакаттамдарды бир аптага токтотот


Израил дүйшөмбүнүн кечинен тартып бир аптага бардык эл аралык авиакаттамдарды токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде билдирди. Анын айтымында, Израилдин жарандары өлкөгө кириши жана чыгышы үчүн абдан салмактуу жүйөлөрдү келтириши керек.

Израил коронавирус пандемиясы башталгандан тартып өлкөгө кирген-чыккандарга карата катааал чараларды киргизген. Акыркы чектөөлөргө Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө максаты себеп болууда.

Израил СOVID-19 вирусуна каршы эң көп адамды эмдеп жаткан өлкө болуп саналат. Ушул убакытка чейин бул өлкөдө калктын 25% вакцинанын алгачкы дозасы сайылды. Өлкө бийлиги марттын аягына чейин бардык жашы жеткендерди эмдеп бүтүүнү көздөп турат.

XS
SM
MD
LG