Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Беларуста апта соңундагы акцияларда 200дөй киши кармалды


Беларуста өткөн дем алыш күндөрү бийликке каршы акциялардын жүрүшүндө 160тай адам кармалды. Өлкөдөгү «Весна» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, көптөгөн адамдар Минскиде колтукташып басып келе жаткан учурда кармалган. Акцияга чыккандар Александр Лукашенкого бийликтен кетүү, буга чейинки жүрүштөрдө кармалгандарды бошотуу боюнча талаптарды коюшту. Бул жолу былтыр декабрдан бери абакта ачкачылык кармап жаткан блогер Игорь Лосикти камактан бошотуу жөнүндө талап көбүрөөк жаңырды.

Коомдук тартипти бузду деген негизде өткөн жылдын июнь айында кармалган 24 жаштагы Лосик Минскинин «Окрестина» тергөө абагында кармалып турат. «Amnesty International» уюму бул абакты «кыйноонун синоними» деп атаган болчу.

Беларуста былтыр август айында өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозиция жана Батыштагы бир катар мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Бул убакыттан бери өлкөдө оппозициянын тынымсыз акциялары уюштурулуп, анын катышуучуларын күч кызматкерлери аёосуз түрдө ур-токмокко алып, сабап келет.

БУУ Беларуста нааразылык акциялары башталгандан бери 30 миңдей адам кармалганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG