Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:01

2020-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10% гана сотко жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10% гана сотко өттү.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 фактыны каттоого алса, анын 947си гана сотко ашты.

«Катталган фактылардын 10% гана жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко өткөрдүк»,- деген Урмамбетов териштирүү иштери уланып жатканын айтты.

Парламент жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган.

2020-жылы кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдешкен. Анда 54 миңден ашуун маалымат талдоого алынган. Киши колдуу болгон аялдардын көбү күйөөлөрү, өнөктөштөрү тарабынан такай зордук-зомбулукка кабылып турушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG