Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Пандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйгөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалымат бүгүн, 25-ноябрда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте өтүп жаткан жыйында айтылды. Ага ылайык, акыркы жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

Үй-бүлөлүк зомбулукка арналган иш-чара «COVID-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жетишкендиктер жана андан алынган сабактар» деп аталат.

Конференция учурунда жарандык уюмдар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган, алты айлык долбоорлордун натыйжаларын талкуулашты.

Быйыл жайында 11 жарандык уюмга COVID-19 пандемиясынын учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоо жана колдоо үчүн USAID гранттык каражат бөлгөн.

Бул каражаттар жапа чеккендер үчүн баш паанектерди кеңейтүүгө, аларга психологиялык жана укуктук колдоо көрсөтүүгө багытталган.

25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк кампания Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп келет. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG