Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Кытай Ай кыртышын чогултуш үчүн космостук аппаратын учурду


Кытай тарыхында алгачкы жолу Айга учкучсуз станциясын жөнөттү. «Чанъэ-5» аттуу станция Жер шарынын орбитасынан ийгиликтүү чыкты. Кытайлык зонд (космостук аппарат) Айга жекшемби күнү, 29-ноябрда конгону турат.

«Чанъэ-5» станциясы эки жума «Бороондор Мухити» аймагында Айдын кыртышын чогултат. Бул аймак мурда изилденген эмес.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай акыркы 44 жылдан бери Айдагы геологиялык үлгүнү ташыган долбоорду ишке ашырган мамлекет болуп калмакчы. Мындай миссияны мурда АКШ жана СССР ишке ашырган.

АКШнын аэрокосмостук агенттиги (NASA) Кытай «Чанъэ-5» Айдагы миссиясынын жыйынтыгын эл аралык илимий коомчулук менен бөлүшөрүнө үмүт артат. Бул тууралуу NASAнын «Твиттер» баракчасында айтылат.

XS
SM
MD
LG