Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Демөөрчүлөр Ооганстанга төрт жылда катаал шарт менен 12 млрд. доллар жардам берүүгө убада беришти


Ооган президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб БУУ уюштурган демөөрчүлөр жыйынында. Женева, Швейцария. 2020-жылдын 24-ноябры.
Ооган президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб БУУ уюштурган демөөрчүлөр жыйынында. Женева, Швейцария. 2020-жылдын 24-ноябры.

Эл аралык коомчулук талибдер менен Кабулдун куралдуу тирешүүсүнөн жана коронавирус апаатынан улам экономикасы ого бетер начарлаган Ооганстандын өнүгүшүнө жардам катары 2021-жылы 3 миллиард АКШ долларын бөлүүгө убада берди. Алдыдагы төрт жылда бул өлкөгө жалпысынан 12 миллиард АКШ долларына тете каражат жардам катары берилмекчи. Бирок Кабулга адам укуктарын коргоону чыңдоо жаатында катаал талаптар да коюлду.

Женевада өткөрүлгөн демөөрчүлөр жыйынын Финляндия да конок ээлеринин бири катары жетектеди. Көптөгөн өлкөлөр менен кайрымдуулук уюмдарынын жетекчи өкүлдөрү бул отурумга онлайн ыкмасында катышты.

Бул жыйын маалында Ооганстандын Бамиян шаарынын базарындагы террордук чабуулдан улам бери дегенде 14 киши набыт болгону, 45 киши жаракат алганы жөнүндө кабар бул өлкөнүн азыркы дүрбөлөңдүү акыбалын ого бетер эскерткендей болду.

Финляндиянын өнүктүрүү, кызматташтык жана тышкы соода министри Вилле Скиннари эл аралык демөөрчүлөр 2024-жылга чейин Ооганстанга жалпысынан 12 миллион доллар суммасында көмөк көрсөтүүгө убада беришкенин тастыктады. Ал Женевадагы жыйынга 66 өлкөнүн жана 32 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышканын кошумчалады.

Ооганстанга каржылык көмөк мурдагыдан кыйла азайды: 2016-жылы Брүсселде өткөн демөөрчүлөр жыйынында өлкөгө 15,2 миллиард доллар бөлүү жөнүндө убада берилген.

Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар Женевадагы жыйындын жыйынтыгына ыраазы экенин жашырган жок:

«Бул – өтө толкундатчу сан. Анын үстүнө анын өзгөчө мааниси бар: ушул тапта коронавирус өз экономикасына жана кирешесине кесепет тийгизбей койгон эч бир өлкө деле табылбайт эмеспи. Бул – өзгөчө берешендикти айгинелейт. Азыркы тапта ар бир мамлекет өз көйгөйлөрүнө кабылып жаткан чакта да, [демөөрчү өлкө] Ооганстанда ийгиликке жетишүүбүз үчүн жалпы жоопкерчилигибиз бар экендигин эсинен чыгарып салган жок».

23-24-ноябрда өткөн Женева жыйыны Ооганстанда кырдаал өзгөчө татаал өнүккөн учурга туш келди. 2001-жылы Кошмо Штаттар жетектеген эл аралык коалиция Ооганстанда «ал-Кайида» террорчу уюмун расмий колдоого алган талибдик режимди ойрон кылган болчу. Андан бери 19 жылдын жүзү болсо да, бул өлкө террорчул чабуулдардан арыла элек. Талибдер менен расмий Кабулдун атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрү да жарга такалган бойдон турат. (TT)

XS
SM
MD
LG