Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Пенсилваниянын губернатору Байдендин жеңишин тааныган документке кол койду


Пенсилваниянын жашоочулары Байдендин жеңишин майрамдап жатышат.
Пенсилваниянын жашоочулары Байдендин жеңишин майрамдап жатышат.

АКШнын Пенсилвания штатында президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты. Штаттын губернатору Том Вулф Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жеткенин жарыялады.

«Федералдык мыйзамдын талабына ылайык, мен шайлоочулардын добушун Жо Байден жана Камала Харрис алганы жөнүндө документке кол койдум», деп жазды Вулф «Твиттердеги» баракчасына.

«Немис толкуну» өз маалыматында «Edison Research» социологиялык кызматы жана NBC, ABC телеканалдары да ушундай жыйынтыкты кабарлаганын билдирди. Бирок жалпы расмий жыйынтык жарыялана элек.

Буга чейин Трамптын юристтери 700 миңдей бюллетень боюнча мыйзам бузулганын, алар жараксыз деп таанылышы керек экенин айтып чыгышкан. Бирок далилдөөчү жүйө келтиришкен эмес.

Шейшембиде «Associated Press» агенттиги Пенсилвания штатындагы жыйынтыктан кийин Невада штатынын Жогорку соту талапкер Жо Байдендин президенттик шайлоодогу жеңишин ырастаганын кабарлады. Соттун чечими штаттын губернаторуна берилет.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы дүйшөмбүдө өлкөнүн жаңы шайланган президенти Жо Байдендин командасына бийликти өткөрүп алуу жараянын расмий баштоого уруксат берди. Трамп мындай чечимге өзү макул болгонун жарыялады, бирок шайлоодо жеңилгенин дагы эле моюнга ала элек.

Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун расмий эмес жыйынтыгына ылайык, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байденди жеңүүчү деп жарыяланган. Байден өлкө боюнча топтогон добуштар жана шайлоо коллегиясынын алдын ала добуштары боюнча да алдыга чыккан.

12-декабрда шайлоо коллегиясынын мүчөлөрү чогулуп, жеңүүчүнү расмий түрдө жарыялайт. Шайланган президенттин инаугурациясы 21-январда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG