Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Чыныбаев: Жайма базардын соодагерлери жаңы орунга барбай жатат


5-февралда "Ош базарынын" соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чогулушкан.
5-февралда "Ош базарынын" соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чогулушкан.

Бишкектеги Ош базарынын айланасында соода кылгандар шаар бийлиги сунуштаган орундарга иштөөдөн баш тартууда. Бул тууралуу 11-февралда өткөн басма сөз жыйынында Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдирди.

Чыныбаевдин айтымында, ал Ош базары соода комплексинин ишкерлер биримдиги менен жолуккан:

"Жайма базардагыларга базардын ичиндеги жашылча-жемиш, эт саткан орундарды берели деп макулдашкан. Бирок соодагерлердин 90% буга макул болбой, күн сайын тыюу салынган жерлерге чыгып жатат. Жашылча базардын ээлери көчөдө соода кылгандар келсе, эки айлык ижарасын да албайбыз дешкен. Буга да макул болушпады".

10-февралда жайма базарды тазалоо учурунда соода столуна жатып алып турбай, тартип сакчыларына каршылык көрсөтүп жаткан келиндин видеосу социалдык медиада тарады.

Соодагерлер же алардын өкүлдөрү мэриянын жана акимчиликтин билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ош базары, "Дордой" жана Орто-Сай базарларынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоого мэриянын алы жетпей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганын мэриянын буга чейинки жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.

5-февралда мэриянын чечимине каршы чыккан соодагерлер өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын уюштурушкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG