Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Ош базарынын тегерегиндеги сатуучулар акцияга чыгышты


Ош базарынын айланасында соода-сатык кылгандардын митинги. Бишкек. 5-февраль, 2021-жыл.
Ош базарынын айланасында соода-сатык кылгандардын митинги. Бишкек. 5-февраль, 2021-жыл.

Бишкектеги Ош базарынын тегерегинде соода кылган 50дөн ашык киши өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүп жатышат.

Алар базардын айланасындагы соода-сатыкка тыюу салынышына нааразылык билдиришүүдө. Ар кайсы жерде отурган сатуучуларды мэрия өкүлдөрү, милиция кубалап жатканын айтып, иштөө үчүн шарт түзүп берүүнү талап кылышты.

Нааразы тарап менен Ленин райондук акими Чынасыл Чыныбаев жолугушуп, башаламан соода-сатыкка жол берилбей турганын билдирди.

Шаар бийлиги сатуучуларга муниципалдык базардан орун алууну сунуш кылууда. Бирок алар ал жактагы соода орундарынын ижара акысы кымбат экенин жана чөнтөгүнө туура келбей турганын айтышууда.

Муниципалдык базардагы ижара акысын арзандатууну же мыйзамдуу иштөө үчүн өздөрүнө өзүнчө жер бөлүүнү, маселе бир жаңсыл чечилмейинче соода-сатыкка уруксат берүүнү талап кылышууда.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровго кайрылып, маселени чечип берүүнү талап кылып жатышат. "Өкмөт өкүлдөрү чыксын!" деп кыйкырып турушат.

Акцияын катышуучуларынын айтымында, аталган базардын айланасында миңден ашуун сатуучу иштейт.

Буга чейин мэрия Ош базарынын айланасын башаламан соода-сатыктан тазалаган. Бул райондо муниципалдык базар түзүүнү пландап жатканы белгилүү болгон.(NT)

XS
SM
MD
LG