Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Мукай Элебаевдин 115 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды


Акын жана жазуучу Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен. Архив.
Акын жана жазуучу Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен. Архив.

Жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевдин 115 жылдыгына карата Бишкекте китеп жана сүрөт көргөзмө ачылды.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 28-январда уюштурулган көргөзмө бир айга чукул уланат. Ага Элебаевдин китептери, гезит-журналдагы макалалары, фотодокументтери коюлган.

Кыргыз совет адабиятынын өнүгүшүнө барандуу салымын кошкон жазуучу Мукай Элебаев 1906-жылы 15-январда Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган.

1916-жылы көтөрүлүштө Кытайга качып барып, 1917-жылы өз жерине кайтып келген.

Чыгармачылык жолу 1925-жылы башталып, 1931-жылы алгачкы ырлар жыйнагы чыккан.

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде “Алыскы тоодон”, “Соңку бир күн” деген аңгемелерин, “Ач көздөр” аттуу көп актылуу пьесаны жазган. Орустун белгилүү акын-жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага которгон.

1943-жылы согушка аттанып, 1944-жылы 15-майда баатырларча курман болгон. Сөөгү Орусиянын Псков районунда Понев тоосуна коюлган. (MJ)

XS
SM
MD
LG