Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Президенттик аппаратка сот, укук коргоо органдары жөнүндө көп арызданышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын январь айында президенттин аппаратына 451 адамдан кайрылуу түштү.

Аппараттын басма сөз кызматы анын 239у (63,7%) көзөмөлгө алынып, 37си аткарылганын (15,5%), 202 жарандын кайрылуулусу (84,5%) каралып жатканын кабарлады.

Эң көп арыз-дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан келди - 146 (38,2%). Ал эми, Чүй облусунан - 65 (17,0%), Ош облусунан жана Ош шаарынын жашоочуларынан - 39 (10,2%), Жалал-Абаддан - 56 (14,7%), Ысык-Көлдөн - 31 (8,1%) калган аймактардан 10-13төн кайрылуу түштү.

149 кайрылуу (39,0%) соттордун жана укук коргоо органдарынын иштерине туура келет. Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча - 57 (14,9%), саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча - 24 (6,3%), турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча - 20 (5,2%) арыз бар.

Калгандары эмгек акы, пенсия, жөлөк пул жана насыяларды жоюу, мөөнөтүн узартуу маселелерине тиешелүү. (BTo)

XS
SM
MD
LG