Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Ири кендерди мамлекетке алуу сунушталды


Кыргызстандагы кендердин бири.

Президент Садыр Жапаровдун ишке киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын экөө экономикага байланыштуу болду. Тагыраагы алар менчикти, ишкерлер менен инвесторлорду коргоого жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталды.

Бул экономикалык каатчылыкка жана ишкерлерге кысым болуп жатат деген маалга туш келди. Ушул жагдайларды «Элдик экономика» түрмөгүндө талдайбыз.

Ата мекендик жана чет элдик ишкерлерди коргоо

«Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыктын алгачкы пунктунда укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдарга ишкердик чарбаларына негизсиз кийлигишүүнү токтотуу тууралуу талап коюлган. Ошондой эле инвестициялык объектилердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылууга буйрук берилген.

Документте мындан ары «экономикалык кылмыштарды бир тергөө органы» гана иликтей турганы белгиленет. Бирок ал кайсы орган экени такталган эмес. Ага улай эгер ишкерлерди текшерүү жүрсө анда анын баарын эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттай бербей, алдын ала текшерүү механизмин колдонуу сунушталат.

Экинчи пунктта Башкы прокуратуранын милдеттерине басым жасалып, ишкерликти жана инвестицияны коргоо жөнүндө мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылган.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү, уруксат берүү, ишкерлерге карата арыздарды кароо боюнча сунуштарды киргизүү тууралуу талап коюлган.

Бул идеяларды шайлоо өнөктүгүндө да айтып келген президент Садыр Жапаров 28-январда ант берүү азаминде буларга токтолгон:

Садыр Жапаров инаугурацияда. 28-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров инаугурацияда. 28-январь, 2021-жыл.

«Менин президенттик жылдарым экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердикти, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элибиздин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш. Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкатка болгон ишеними калыбына келтирилиши зарыл. Эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш! Экономикалык өсүш улуттук маданияттын өнүгүшү, элибиздин рухий эргүүсү менен эриш-аркак жүрүшү абзел».

Ушул эле жарлыктын үчүнчү пунктунда өкмөткө бир нече тапшырма берилген. Тагыраагы сот органдарын реформалоо, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу, укук коргоо жана салык-бажы органдарын фискалдаштыруу тармагында мыйзамдар топтомун даярдоо милдети турат.

Ишкер чөйрөнү жакшыртуу, анын ичинде ишкердикке мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү автоматташтырылган форматка которуу, лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча Бирдиктүү электрондук портал да түзүлүшү керек. Булардын мөөнөтү 2021-жылдын сентябрь-декабрь айыларынын аягына чейин деп белгиленген.

Инвестиция маселелери боюнча тоскоолдуктарды жоюу жана буга байланыштуу Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнөкөйлөтүү милдети да бар.

Садыр Жапаровдун сунушу менен премьер-министрликке бекип жаткан Улукбек Марипов 1-февралда парламенттин көпчүлүк коалициясынын отурумунда бул жөнүндө мындай деди:

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

«Кыргызстандын экономикасын көтөрүш үчүн биз өндүрүштү жандантышыбыз керек. Өзгөчө бюджетти көтөрүп жаткан бизнеске басымды токтотушубуз зарыл. Текшерүү органдары, текшерүүнүн өзү боюнча кардиналдуу реформалар жүрөт. Өлкө башчысы менен да биз толук бир пикирге келдик. Кудай буюрса, инвестиция, инвесторлорго шарт түзүү боюнча да биздин өлкө алдыга жылышы керек. Реалдуу кадамдар болот».

Тынчсыздануу дагы эле бар...

Инвестициялык климатка байланыштуу былтыркы жылдын көрсөткүчтөрү толук чыга элек. Азырынча тогуз айдын гана эсептери бар.

Демек, Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь-сентябрында Кыргызстанга 398,4 млн. доллар түз чет өлкөлүк инвестиция келип түшкөн. 2019-жылдын тогуз айында 576,8 млн. доллар инвестиция келгенин эске алганда, 30,9% азайып же үч эсе кемип жатат.

Тескерисинче, чыгып кеткен сумма 1,4 эсе арбыган. 2019-жылдын тогуз айында 513,5 млн. доллар чыкса, 2020-жылдын тогуз айында 719,1 млн. доллар агылып кетип жатат.

Бул жагдайлар коронавирус пандемиясы, Кыргызстандагы саясий кризистер менен байланыштырылып келди. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жеке менчикти коргоо, дегеле адам укуктарын коргоо маанилүү экенин белгиледи. Бирок ал мыйзамдардын аткарылышын өзүнчө иш катары түшүндүрдү:

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Инвесторлор эмне дешет? Айтылган мыйзамдар ишке ашсын деп эле жатышат. Бирок ошол эле убакта «ал мыйзамдар сакталсын, аткарылсын» деген маселени кабыргасынан коюшууда. Анткени мыйзамдар сакталбаса, кандай гана сунуштар камтылган мыйзам болбосун, алар жардам бербейт. Мына азыр деле бизде көптөгөн жакшы мыйзам ченемдерибиз бар. Бирок көп учурда аларды сот органдары, укук коргоо жана фискалдык органдар да сактабай коюшат. Натыйжада жабыр тарткан инвестор көп учурда башка жакка чыгып кетүүгө аракет кылат».

Инвестицияга байланыштуу кооптонуу өзгөчө 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин күчөгөн. 5-6-октябрдагы окуялар учурунда жана андан кийин Кыргызстандагы бир катар компаниялардын кеңселерине кол салуу болгон. Анын ичинде кен компанияларынын имараттары өрттөлгөн, кызматкерлери сабалган учурлары катталган.

Бизнес-ассоциациялар башаламандык күндөрү кендерди басып алууга жана инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланыштуу кеминде 50дөй факты бар экенин билдиришкен.

Компаниялардын көбү ушул күндөрү да ишин жанданта элек жана бул да инвестициялык климатка терс таасир этүүдө.

Кийинки убакта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) бир катар ишканаларга жана инвесторлорго карата козгогон кылмыш иштери бир топторун чочулатып турат.

Бул боюнча тынчсыздануусун Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Жапаровдун жарлыгы чыккан 29-январь күнү билдирген.

Робин Орд-Смит.
Робин Орд-Смит.

«Экономикалык кылмыштар деп болжолдонуп жаткан иштер боюнча бизнес чарбалардын маалыматтары толугу менен ачык жарыяланып жатканы олуттуу камтама кылат. Мындай фактылар бизнес чарбаларына экономикалык жана репутациялык чыгым алып келет жана Жазык-процессуалдык кодекстин сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтарын жарыялоого тыюу салган 160-беренеси бузуу болуп саналат», - деген ал өз билдирүүсүндө.

Робин Орд-Смит 1-февралда да билдирүү таратып, президент Садыр Жапаровдун менчикти жана ишкерлерди, инвесторлорду коргоого байланыштуу жарлыгын кубаттоого алган.

Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо иштерин жеңилдеткен мыйзамга 2021-жылдын январь айынын ортолорунда кол коюлган.

Ага ылайык, өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилген. Өкмөттүк деңгээлде түз инвестициялык макулдашуу түзүш үчүн инвестициялык босогонун көлөмү 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшүрүлгөн.

Аз күн мурдараак депутаттар Искендар Гаипкулов менен Нурбек Сыдыгалиев президенттин карамагында инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча орган түзүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыгышкан.

Айрымдар муну мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттик же ЦАРИИ менен окшоштуруп чыгышты. Башкалары өкмөттүн карамагында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик бар экенин белгилеп, жаңы органды ошону кайталоочу мекеме катары баалашты.

Кен боюнча жарлыктын чуусу

Жогоруда айтылгандай, президент Садыр Жапаров 29-январда «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Мында негизги маселе – өкмөткө Тоо кодексинин (Горный кодекс) долбоорун 2021-жылдын 1-июлуна чейин иштеп чыгуу тапшырылган. Ал кодекс жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин 100% өкмөттүк компаниянын иштетишине шарт түзөт.

Бирок бул буга чейин берилип кеткен кендерге тиешеси жок, кодекс кабыл алынгандан кийин казыла турган жер байлыктары жөнүндө болуп жатат.

Мындан сырткары документ пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүүнү, анын ичинде лицензиялык тескөөнү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну да камтыйт.

Компаниялардын кызматкерлери катары 90% кем эмес үлүшүн жергиликтүү жарандар иштеши керек жана сатып алынган товарлардын 80% кем эмес бөлүгүн Кыргызстандан сатып алыш керек деген талаптар да коюлат.

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков жарлык жана андагы Тоо кодекси жөнүндө буларга токтолду:

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

«Бул Тоо кодекси же тоо-кенчилер менен макулдашылбай, бизге айтылбай, туурабы-туура эмеспи деп, тааныштырылбай чыгып калган кодекс. Мындай кодекс бир канча жылдан бери Орусияда да сунушталып, кабыл алына элек. 2000-жылдардын башында алардын Мамлекеттик Думасынан өткөн, бирок андан ары жылган эмес. Коңшу мамлекеттерден Казакстанда гана кабыл алынган, аларда 2017-жылдан бери иштеп келатат. Биздин оюбузча, эгерде бизде көп мыйзамдар болуп, анан алардын ичинде карама-каршылыктар болуп, ошону жоюу максатында кабыл алынган бирдиктүү документ болот дешсе, макул элек. Бирок бизде азыр «Жер казынасы жөнүндө» («О недрах») мыйзам бар да. Ал 1992-жылдан бери алымча-кошумчалар менен иштеп келатат, ошону эле толуктап койсок болмок».

Камчыбеков мамлекеттик маанидеги кендер жөнүндө өзүнчө кеп кылып, аны мамлекеттик компания иштетсе жакшы болмок, бирок ал кыйын деген оюн ортого салды:

«Мамлекеттик деңгээлдеги кен байлыктар деген түшүнүк бар. Буга Кыргызстандагы 100гө жакын кен кирет. Алардын тизмеси түзүлүп, өкмөттүн токтому менен бекитилген. Бул кендер союз учурунда изилденип, корлору аныкталып, баланска коюлган. Биз мурдатан эле «ушундай кендерде мамлекеттин үлүшү болушу керек» деп айтып келгенбиз. Анан эми бүгүнкү күндө 100% мамлекеттик мекеме болушу керек деген сөз, кендерди өкмөт гана иштетиши керек дегенди билдирет. Муну келечек көрсөтүшү керек. Албетте, муну 100% өзүбүздүн өкмөт иштетсе жакшы болмок, киреше көп түшмөк, салык жана башка төлөмдөр көп алынмак. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизде тоо-кен тармагын өнүктүрө турган концепциябыз, стратегиябыз жок. Мисалы, бир эле Жетим-Тоо кенин иштетиш үчүн 100 млн. доллардан ашык акчаны чалгындоого салып, корун аныкташыбыз керек. Анан мамлекеттик ишкана түзүп, долбоорду баштасак, ал жерге кеминде 100 млн. долларга темир жол салыш керек. Электр энергиясын тартууга дагы 100 млн. доллар кетсе, кенди иштетүүчү фабриканы куруш үчүн дагы ушунча сумма керек да. Ошондо бир кенге бери эле дегенде 300-500 млн. доллардай каражат кетет. Ушул акчаны кайдан алабыз деген да суроо турат».

Кен байлыктары кайсы бир деңгээлде Садыр Жапаровдун талуу темасы десе да болот. Дээрлик он жылча убакыттан бери ал өлкөдөгү башкы кен болгон Кумтөрдү мамлекеттештирип, толугу менен өкмөткө өткөрүүнү талап кылып келген.

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин өкмөт башчылыкка, кийин президенттин милдетин аткаруучулукка бекиген соң ал бул оюнан кайтканын жарыялаган. Ал буга кенде алтындын запасы аз эле калганын жүйө келтирген. Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу кескин кадамдарды күткөн жарандар бул үчүн аны сынга алышкан.

Жапаров Кытай мамлекетине болгон карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоонун кенин чийки зат катары берүү ыкмасы сөз болгонун айткандан кийин дагы бир талаш чыккан. Ошол эле учурда Жапаров тоо өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган.

Ага карабай президенттик шайлоо өнөктүгүндө аны атаандаштары жана башка саясатчылар кескин айыпташкан.

16-декабрда Токтогул районунда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Садыр Жапаров ушул боюнча суроого жооп берип жатып, кенен билдирүү жасаган:

«Жетим-Тоодо беш-он жылга эмес, 500 жылга жете турган чийки зат бар. Бул мамлекеттин, жаштардын келечеги. Мунун 1% да эч кимге бербейбиз. Буга көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Өзүбүздүн күчүбүз менен иштетсек болот, өзүбүз иштетебиз. Кудай буюруп, президент болуп шайланып калсам, аны иш жүзүндө көрсөтөм. Бул бизди экономикалык саздан сууруп чыга турган долбоор болот. Ачык эле айтайын, бул боюнча иш баштап койгонбуз. Премьер-министр болуп шайланган күндөн баштап балдарга тапшырма бергем. Кудай буюрса, келе жаткан жылдын жай же күз айларында иштетип калабыз деген максатыбыз бар. Аны 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да инвестордун үлүшү болбойт, бир да чет элдик киши катышпайт. Баарын Кыргызстан өзү иштетет, 2-3 миңдей иш орун түзөбүз, биздин мамлекеттин гана жарандары иштейт».

Мындан кийин президенттик аппарат, өкмөт өкүлдөрү, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги бир нече жолу билдирүү жасап, Жетим-Тоо кени башка өлкөгө берилбей турганын айтууга аргасыз болушкан.

Өкмөт да, Садыр Жапаров да маалымдагандай, расмий түрдө 3-5 млрд. тонна темир кору бар деп эсептелген Жетим-Тоо кенин мамлекеттик үлүшү 100% болгон компания иштетмекчи. Бул кен бир-эки жылдын ичинде иштей баштай турганы айтылган.

Ошол эле убакта социалдык түйүндөрдө айрым активисттер бул кенди түркиялык компанияга берүү аракети болуп жатканын, Жапаровдун жаңы жарлыктары ошого жол ачуу экенин жазып чыгышты. Мындай пикирди жазган Гүлжигит Исаковдун постуна Садыр Жапаров өзү төгүндөгөн пикир калтырды.

Айланып качкан инвестор, аксаган экономика
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:25 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG