Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Президент Жапаровдун алгачкы жарлыктары


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Президент Садыр Жапаровдун алгачкы кадамдары өлкөнүн өнүгүү ыргагын токтоткон тоскоолдуктарды жоюуга багытталган кечиктирилгис чаралардан турары белгиленди.

Бул үчүн мамлекет башчы системалуу коррупциянын тамырын кыркууга, араңжан экономиканы жандантууга жана бул үчүн ишкерлер менен инвесторлорго жеңилдик берип, жагымдуу шарттарды түзө турган жаңы мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгууга багытталган жарлыктарга кол койгону дайын болду. Саясат талдоочулар жаңы президенттен коомчулуктун күткөнү көп, талабы чоң экенин айтып, ыкчам чара көрүлбөсө, убакыт аз экенин белгилешти.

Алгач ташталчу кадамдар

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров мамлекет башчылык кызматка киришерде анын алгачкы он жарлыгынын долбоору даярдалганын жарыялаган. Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек бир күн мурун даярдалган он жарлыктын бешөөнө кол коюлганын, калганы жакын арада жарыяланарын билдирди. Аталган беш жарлык - «Элдин руханий өнүгүшү жана дене тарбиясы», «Жаңы кадрдык саясат», «Менчикти коргоо, ишкердикти жана инвестицияны колдоо», «Миграциялык абалды жакшыртуу» жана «Тоо-кен тармагын реформалоо» тууралуу.

Буга чейин аталган он жарлыктын арасында укук коргоо жана сот тутумунун ишин жакшыртуу, коррупцияны ооздуктоо жана экономиканы жандантып, инвестиция тартууну жөнгө салуу сыяктуу маселелер бар экени белгиленген.

Өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев президенттин жаңы саясатынын багыттарын аныктай турган анын алгачкы кадамдары кандай болорун түшүндүрдү:

Бактыбек Аманбаев.
Бактыбек Аманбаев.

«Бул багытта мамлекет башчынын биринчи жарлыктары соңку 30 жылдан бери калыптанып калган системалык коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын түбүнөн кыркууга, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга, салык жашырууну жокко чыгара турган жана азыр эл күтүп жаткан экономиканы жандандыруу чараларын иштеп чыгууга багытталган. Бул үчүн ишкерлер, инвесторлор үчүн жеңилдик шарттарын түзүп, жаңы салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу милдети турат. Буга байланыштуу ишкерлер менен инвесторлорго тоскоол болгон ар кандай чектөөлөрдү жана лицензиялоону кайрадан ревизия кылыш керек. Алардын санын кыскартып, уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү аркылуу калкты жумуш менен камсыз кыла турган жеке секторго жеңилдиктерди кароо багытындагы мамлекеттик саясатка багыт бере турган жарлыктар болот».

Буга чейин өкмөт пандемияга байланыштуу кирген чектөөлөрдөн жана күздөгү саясий кризистен улам салык жыйноо начарлап, мамлекеттик казына каржалып турганын жашырган деле эмес. Буга байланыштуу жаңы бийлик Орусиядан каржылык жардам сурап, ал жактан «айлык акы, пенсия менен жөлөк пул төлөө үчүн» деген негиздемесин ачык көрсөтүү менен 20 млн. АКШ доллары бөлүнгөн.

Арааны ачылган аткезчилик

Мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров мамлекеттин казынасын ички ресурстардын эсебинен деле толтурса болот деп эсептейт. Бирок ал бул үчүн ири аткезчилик каналдарын жаап, мамлекеттик органдардагы туташ коррупциянын тамырын жулууну сунуш кылды:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Экономикадагы эң чоң оору - бул азыр аткезчилик. Анткени аткезчиликтин агымы кеңейген сайын Кыргызстанда ата мекендик өндүрүш токтоп, жок болуп кетүү коркунучунун алдында калды. Себеби биздеги өндүрүшчүлөр чыгарган товарлары үчүн салык төлөйт. Ал эми сырттан аткезчилик менен товар ташыгандар салык төлөбөй, анысын арзан баада биздин базарларга сатып, анын эсебинен биздин өндүрүш мындай атаандаштыкка туруштук бере албай, жабылып жаткан учурлары бар. Анткени аларды фискалдык органдар калкалап, аларга көзөмөл кыла турган укук коргоо органдары да ошого аралашып жатат. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджет да, биздин өндүрүшчүлөр да зыянга учурап келатышат. Эгерде аткезчиликти азайтсак, анда биздин бюджет үч эсе көбөйөт. Биздин бюджет азыр 1 млрд. 300 млн. АКШ долларына барабар. Эгерде аткезчилик каналдарына бөгөт коюп, бул тармакты тартипке келтире алсак, болбоду дегенде үч жылдын ичинде азыркы бюджетке 5 млрд. долларга жакын акча чогулта алат элек».

Ошол эле кезде саясат талдоочулар коррупцияга күрөш жалаң эле күчкө салган репрессивдүү ыкмалардан турбашы керек экенин, бул жагдай тескери натыйжа бериши мүмкүн экенин айтышууда. Алар мамлекеттик башкаруудагы тутумдашкан коррупцияга өбөлгө түзгөн себептерди жок кылган оң деп эсептешет.

«Кадрлар баарын чечет»

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев муну ишке ашырыш үчүн мамлекет кадрдык жаңыланууга муктаж экенин айтты:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Азыр эң курч турган маселе - бул кадр саясаты. Азыр эми президенттик башкаруу түрүндөгү конституциялык түзүлүшкө өтөрдө, президентке эбегейсиз чоң ыйгарым укуктар менен кошо чоң жоопкерчилик берилип турганда кыйын кризистик шарттан алып чыга ала турган командага кирген кадрлардын сапаты абдан маанилүү. Анткени кыска эле мөөнөттүн ичинде ошол кадрлар алып барган иштин натыйжасында мамлекетти же оң жолго түшүрөбүз же биротоло кризисти тереңдетип алабыз».

Инвестиция тартуунун ташпиши

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев араң жан экономиканы жандантыш үчүн өлкө сырткы инвестицияларга муктаж экенин эске салды. Эмил Үмөталиев бул үчүн жаңы бийликтин алдында укук коргоо жана сот тутумун оңдоп, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу милдети турганын билдирди:

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

«Жаңы бийлик ишкерлердин, инвесторлордун ишенимине ээ болмоюнча бизге ачык жана мыйзамдуу иштеген ири инвесторлор келбейт. Кимдер келет? Эл аралык деңгээлдеги алдамчылык менен алектенип, үйрөнүп алган, жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн жалган инвесторлор келиши мүмкүн. Ал эми чыныгы инвесторлор келиши үчүн калыс сот системанын орнотуп, мыйзамдуулуктун иштешине, алардын салып жаткан капиталын, инвестициясын коргоого кепилдик берген чаралар көрүлүшү зарыл».

Президент Садыр Жапаров жаңыдан кызматка киришип жатып, мамлекетти башкарууга өтө оор учурда келгенин айтып, анын алдында өтө чоң милдеттер турганын белгилеген. Садыр Жапаров анын башкы саясаты абалды жөнгө салып, мамлекеттик башкарууну тартипке келтирүүгө багытталарын айткан болчу:

«Биздин бүгүнкү күндөгү абалыбызды канааттандырарлык деп айткандан алысмын. 30 жылдан берип топтолгон 5 млрд. долларга барабар ички-тышкы карызды толук төлөө мезгили да менин учурума туура келип отурат. Ал ортодо короновирус пандемиясы да республиканын экономикасына кескин түрдө кедергисин тийгизди. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылыктар менен коштолору айкын. Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик абалдан чыгууга жана экономиканы жандандыруу иштерин камсыз кылууга багытталат».

Садыр Жапаров быйыл 10-январдагы мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоодо талапкерлердин арасынан эң көп добуш алып, жеңишке жетти. Анын президенттик кызматка киришүү аземи кечээ, 28-январда болуп өттү.

XS
SM
MD
LG