Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Жапаровдун кайрылуусу, эксперттердин баасы


Инаугурацияга чакырылган эл. 28-январь, 2021-жыл.
Инаугурацияга чакырылган эл. 28-январь, 2021-жыл.

Ант берип расмий түрдө кызматка киришкен президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүн коомчулук кандай кабыл алды? Жапаров алгачкы ишин эмнелерден башташы керек? Ал коомдогу каршылаш саясий топторду бириктирип, консолидация кыла алабы?

Инаугурация 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, 2020-жылдын октябрь окуяларынын шары менен бийликке келген Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү башталды.

Иш-чарага катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет элдик медиа каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши катышты.

Алтынчы президенттин анты
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:01 0:00

Садыр Жапаров президент катары биринчи кайрылуусун жасап коомдогу талылуу маселелерди көтөрдү. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кайрылуунун урунттуу жерлерин белгиледи.

«Садыр Жапаров үч нерсеге басым кылды. Биринчиси - тышкы саясат боюнча «Кошуна өлкөлөр менен жакшы мамиледе болобуз» деди. Экинчиси - «Экономиканы көтөрөм, тышта жүргөн мигранттарды алып келем» деп убада берди. Андан кийин улут аралык мамилени жакшыртуу боюнча сүйлөдү. Ошол сөздөрүнүн арасында адам укуктары тууралуу да бир аз токтолду. Мени эң негизгиси «Кыргызстанда бөлүнүп-жарылган эмес, бирдиктүү улут жараткым келет» дегени кубандырды. Кыргыз, орус, татар дебей кыргызстандыкмын дегенде гана өнүгөбүз».

Тышкы саясатта Садыр Жапаров Орусияны, Казакстанды, Өзбекстанды тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт катары атады. Түркиянын, Кытайдын да ролу чоң экенин баса белгилеп, тышкы саясат көп векторлуу болорун айтты. Кыргызстан АКШ, Европа өлкөлөрү, БУУ, ШКУ баштаган эл аралык уюмдар менен кеңири кызматташууга умтуларын билдирди.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат Аскар Бешимов тышкы саясатта Кыргызстандын багыты тууралуу ой бөлүштү.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Биз чыныгы көп тараптуу достук мамиле түзүшүбүз керек. Азыр биз саясий, экономикалык, маалымат жагынан толугу менен Орусияга көз карандыбыз. Кандай гана маселе болбосун аны чечүүнүн ачкычы Москвада. Ошол эле кезде Европа Биримдиги, АКШ, ошол эле Кытай менен болгон мамилебиз нөлгө түшүп кеткен. Ошону оңдоп кетүүгө жакшы шарт түзүлдү. Эч кимдин коюнуна кириштин кереги жок. Өз кызыкчылыгыбызды коргоп, тең салмакта саясат жүрсө биз утабыз. Эгерде дагы эле ири өлкөлөрдүн көзүн карап, камчысын чаба берсек 30 жылда кийген кейпибизди кийип отура беребиз».

Кыргызстандын алтынчы президентинин инаугурациясына дипломатиялык корпустун 50дөй өкүлү катышты. Анын ичинде Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин өкүлү Жансеит Туймебаев анын куттуктоо катын окуду.

Буга чейин президенттик аппараттын жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов "Биз чет мамлекеттен эч кимди чакырган жокпуз. Бир гана ыраазычылык жана чакыруу иретинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге кат жөнөттүк" деп билдирген.

Ошондой эле ант берүү аземинде Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун окуп берди:

«Биз сиздин президент катары, өлкөнү модернизациялоону дымактуу ишке ашырууңузга ишенүү менен, аймактык, глобалдык деңгээлде тынчтык үчүн кызматташууга барарыңызга үмүт артабыз. Мыйзамдуулуктун сакталышы, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөсүз. Айрыкча глобалдык пандемиядан улам келип чыккан оор кырдаалда Евробиримдик менен Кыргызстандын тыгыз байланышы болоруна ишенебиз. Европа Биримдиги өлкөдө ачык өкмөт, басма сөз эркиндиги болушун ар тараптан колдойт».

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Жапаров үчүн коомдогу адилеттүүлүк менен ынтымактын ынанымдуу балансын сактоо маанилүү экенин белгиледи. Муну ал кийинки убактагы саясий өңүткө жакын териштирүү, камоо менен байланыштырды.

«Садыр Жапаров эң эле зарыл болгон, бүгүнкү күндөн баштай турган маселе – элдин арасындагы бири-бирине болгон ишенимди, конструктивдүү диалогду, түз жана чынчыл мааниде сүйлөшө билүүнү арттыруу. Анткени акыркы айларда, күндөрдө өтө чоң чатакка жакын болгон бөлүнүүгө күбө болуп жаттык. Бул азыркы жалпы социалдык-экономикалык абалда өтө терс мааниге ээ болуучу нерсе. Жарашуу чоң мааниге ээ. Албетте, кылмыш кылган кишилерди кечирип салуу деген болбошу керек. Бул жагынан да чоң маселелер бар. Кээ бир чоң кылмышкер дегендер бошонуп кеткени суроо туудурууда. Демек, адилеттүүлүк менен ынтымактын элге ынанымдуу балансын кармануу керек болуп турат», - деди талдоочу «Азаттыктын» 28-январдагы түз эфиринде.

Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда Кыргызстандагы саясий күчтөрдү, оппоненттерин, улуттарды, диний конфессияларды биригүүгө чакырып өттү:

«Элибиз улуттук консолидацияга умтулуунун, регионализмдин жана ашынган улутчулдуктун чидеринен кутулуунун жолун тынбай көздөп, изденип жатканын далилдеди. «Ырыс алды - ынтымак» дейт элибизде. Коомдогу консенсус аркылуу гана илгерилей алабыз. Мен учурдан пайдаланып өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарымды жана оппоненттеримди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды ушул улуу мүдөөнү аткаруу жолуна тилектеш, максатташ болууга чакырам», - деди президент.

Бирок акыркы жумада талапкерлердин экөө – Абдил Сегизбаев менен Курсан Асанов камалып кетти. Сегизбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», Асанов «Имаратты жана мекемени басып алуу» беренелери менен шек саналып жатат.

Садыр Жапаровдун инаугурациясында президенттикке ат салышкандардын ичинен Бабыржан Төлбаев, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов көзгө урунду. Шайлоого талапкер болуп катышкан дагы бир саясатчы Равшан Жээнбеков чакыруу албаганын айтты.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Мен бир нерсеге таң калдым. Көп маалымат каражаттарында «президенттин басма сөз кызматы «инаугурацияга талапкерлердин бардыгы чакырылды» деп билдирди» деп чыкты. Бирок менин байкашымча талапкерлердин көбү чакырылган жок. Кийин жыйынга чакырып талапкерлер менен өлкөнүн тагдыры боюнча сүйлөшөбүз десе мен ага даярмын. Бирок ал болобу-болбойбу белгисиз. Мен президент болуп калсам талапкерлерди инаугурацияга да, сүйлөшүүгө да чакырат элем. Бирок азыр айтылган сөз менен жасалган иште айырма болуп жатат».

Садыр Жапаров президент катары алгачкы кайрылуусунда өзү да камтып кеткендей Кыргызстанда экономикалык, саясий оор шартта, анын үстүнө коронавирус пандемиясы маалында ишке киришип жатат. Ал өлкөнүн тагдырына керт башы менен жооп берерин айтып, убада берди. Адатта Кыргызстанда жаңы шайланган президенттер алгачкы эки-үч жылын саясий күчтөр менен кармашып өткөргөнүн айтып келишет.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Жапаров кызматка киришкен учурдагы абал тууралуу сурообузга жооп берди.

«Кырдаал оңтойлуу. Себеби, саясий реформаларды жасоого коомчулуктун колдоосу бар, ишеними чоң. Андыктан орчундуу реформаларды тез жасап жибергенге мүмкүнчүлүк бар. Экинчи жагынан кырдаал оор. Кандай болгон күндө да өлкө социалдык, экономикалык кризисте турат. Коронавирус пандемиясынан улам экономика жакшы эмес. Бюджет тартыш. Мына ушундай абалдын өзү оорчулук келтирет. Бирок кандай болгон күндө да олуттуу реформа жасоого ыңгайлуу шарт түзүлүп турат».

Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жаңы бийлик анын башында турган Садыр Жапаров аткарчу иштер жана жоопкерчилик тууралуу пикири менен бөлүштү.

«Бийликти бир колго алганы – ал жоопкерчиликти өз моюнуна алганы болуп саналат. Себеби, бизде 10 жылдан бери бийлик бар, бирок биринде да жоопкерчилик жок. Садыр Нургожоевичке берген убадаларын аткарууга бир-эки жыл керек. Аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Андан кийин мамлекетте кандай иштер аткарылып жатканын баарыбыз көрөбүз да».

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров элге мамлекеттик органдардын натыйжалуугун арттыруу, жоопкерчиликти жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөштүү күчөтүү сыяктуу убадаларды калың берди. «Кадрлар сынак менен тандалат» деп бир нече жолу кайталады.

Ишкер жана талдоочу Манас Саматов кат-кат убадалардын аткаруу жана инаугурация тууралуу буларды айтты.

Манас Саматов.
Манас Саматов.

«Филармониянын залын көрсөткөндө эле көңүлүм бир топ соолуй түштү. Жалаң эле эски жүздөр. Инаугурация маанилүү иш-чара. Ал Кыргызстандын ушул күндөгү абалын чагылдырат. Биз андан баягы эле эски адамдарды көрүп отурсак жаңы нерседен кантип үмүт кылабыз? Баягы эле аксакалдар, 30 жылдан бери Кыргызстанга пайдасы тийбегендер отурат. Биз болсо реформа тууралуу айтып атабыз. Демек сүйлөгөн сөзүбүз башка, кылган ишибиз такыр бөлөк».

Бул жолку президенттин ант берүү аземи Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулган чоң экрандан да түз көрсөтүлдү. Аянтка 200 чамалуу адам чогулуп инаугурацияны баштан аяк көрүштү. Алар жаңы президенттен эмнелерди күтөт? Биз сурамжылоо өткөрдүк.

-Адегенде тартипти орнотуш керек. Андан кийин жеген-ичкендерди ордуна коюп, бюджетке түшкөн каражатты туура пайдаланыш керек.

-Садыр Жапаров «Кыргызстанды өнүктүрөм, туруктуулукту орнотом» деп жатат. Ошондой эле бардык саясий күчтөр менен биригүү тууралуу айтты. Атаандаштарын да ынтымакка чакырды. Муну колдош керек.

-Эң негизгиси элге калыс болсун. Ант деген оңой эмес. Антты сакташ керек.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапташтары абактан чыгарып алган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланды. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Эл Жапаровдон эмнени күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

XS
SM
MD
LG