Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Конституциялык кеңешме жактырган долбоор


Конституциялык кеңешменин жыйыны. 27-январь, 2020-жыл.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды.

Кеңешме эми долбоорго алымча-кошумчаларды киргизип, аны Жогорку Кеңешке жиберет. Ал эгерде референдумда өтүп кетсе президент аткаруу бийлигин өз колуна алат, башкы прокурорду, судьяларды дайындайт, мыйзам чыгаруу укугуна да ээ болот. Жыл сайын ишмердүүлугү тууралуу маалымат гана берет.

Кеңешме долбоорду кантип кабыл алды?

Кыргызстандын шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына бир күн калганда - 27-январда Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алды.

Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингде кеңешме ишин жыйынтыктаганын, жалпысынан долбоорду анын 67 мүчөсү колдоп, кол коюп бергенин айтты. Бөрүбашевдин берген маалыматына ылайык, эми эки-үч күндүн ичинде долбоорго алымча-кошумчалар киргизилип, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Мамлекеттин негизги документи өтө чоң, татаал иш экен, - деди ал. - Биз аны мурда эле билчүбүз. Ошол ишти сыймыктуу аткарганга аракет кылдык. Ал ортодо 10-январда Кыргыз Республикасында референдум болду. Анда эл президенттик башкарууну тандап чечим кабыл алды. Конституцияны ошого ыңгайлаштырып жаздык. Аны балким жакынкы күндөрү сиздер аласыздар. Биз аны бүтүрдүк деп ойлойм. Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү катышты. Бир добуштан өттү деп айтсак болот. 67 киши долбоорду колдоп кол коюп берип кетти».

Кеңешменин жыйынында долбоорго анын 42 мүчөсү «макул», бирөө «каршы» добуш берди. Бул кеңешменин жыйынында чечим кабыл алынып жатканда аягына чейин катышкандар. Ал эми 67 киши долбоорду колдой турганын билдирип кол коюп берген. Бирок алардын баары тең жыйындын соңуна чейин отурган жок.

Бекбосун Бөрүбашев брифинг башталар алдында кеңешменин айрым мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатып регламент боюнча кеңешменин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү жыйынга катышса легитимдүү болорун билдирди.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Токтобаев «69 дебейлиби» деп айтты. Мунун баары «Азаттыктын» түз эфиринде жазылган. Кеңешменин жалпы 98 мүчөсү бар. Брифингден кийин Бөрүбашев биздин суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү долбоорго кол коюп жатат. 27-январь, 2020-жыл.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү долбоорго кол коюп жатат. 27-январь, 2020-жыл.

Президенттин эбегейсиз укуктары

Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилди. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Андан тышкары өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялайт. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Элге, Жогорку Кеңешке жана Элдик курултайга ички, тышкы саясатка байланыштуу кайрылат. Парламентке жыл сайын ишмердиги тууралуу маалымат гана берет. Ал эми өлкөнүн бюджети боюнча Жогорку Кеңешке финансы министри отчёт берет. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди:

«Аткаруу бийлигине, ички, тышкы саясатка толугу менен президент жоопкерчиликтүү болду. Чечим кабыл алат, ага жооп берет. Долбоордо «финансы министри аткаруу бийлигинин жетекчисинин орун басары болот» деп турат. Ал Жогорку Кеңешке бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берет экен. Парламент эгерде канааттандырарлык эмес деп тапса, президент кайсы бир министрдин жеке жоопкерчилигин карайт. Бул жакшы эле норма».

Президент беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев президенттин укугу оңбогондой кеңейтилип, жоопкерчилиги каралбаганын сындаган. Азыркы Конституция менен президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайланат.

Президент Жогорку Кеңештин, сот бийлигинин ишине мыйзамсыз киришсе кызматтан алынышы мүмкүн. Ага импичмент жарыялоо Жогорку Кеңеште түзүлгөн атайын комиссия аркылуу болот. Өлкө жетекчисин кызматтан алуу боюнча сунуш Башкы прокуратура менен Конституциялык сотко жиберилет. Президент кылмыш кылганы тууралуу Башкы прокуратуранын чечими жана анын жол-жобосу так сакталганы боюнча Конституциялык соттун корутундусу чыкканда гана президенттик кызматтан четтетилиши мүмкүн. Ал парламент депутаттарынын үчтөн экисинин кем эмес добушу менен кабыл алынат.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Конституциянын жаңы долбоорундагы президенттин ыйгарым укуктары менен жоопкерчилиги тууралуу мындай деди:

«Долбоордо «президент аткаруу бийлигинин башында турат. Ал үчүн жоопкерчиликти алат» деп жазылып турат. Бирок дагы эле өкмөт башчы кызматы калып жатат. Финансы министри бюджет боюнча отчёт берет экен. Президент кемчилик болсо аларды кызматтан алып, өзү таза болуп чыга келет. Эгерде президент түздөн-түз өкмөттү жетектегенде башкача болот эле. Азыр президент дагы эле кол жеткис бойдон калды. Биз мындайды Акаевдин, Бакиевдин бийлигинин тушунда көргөнбүз. Бул ошолорго эле окшош. Аягы барып өкмөт башчы күнөөлүү болот. Президентке сөз тийбейт. Бирок бардык чечимдерди президент кабыл алат, кардрдык дайындоолорду да ошол жүргүзөт».

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү. 27-январь, 2020-жыл.
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү. 27-январь, 2020-жыл.

Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги

Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору боюнча премьер-министрлик кызмат жоюлат. Президенттин администрациясынын жетекчиси бир эле учурда министрлер кабинетин да башкарат. Финансы министри министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болот.

Мыйзам чыгаруу бийлигине келсек, Жогорку Кеңеш жогорку өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруу бийлиги болуп саналат. Анын курамы 90 депутаттан турат. Долбоорго депутаттарды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизилди. Анын жол-жобосу конституциялык мыйзамда аныкталат. Эл өкүлдөрү фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алат.

Парламент мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу маселени карайт. Министрлер кабинетин, алардын мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет. Республикалык бюджетти бекитет.

Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоор ачык жарыяланбагандыктан Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы биздин колго тийген жана жыйында айтылган орчундуу гана жерлерине токтолдук.

Конституциянын долбооруна ылайык мамлекеттик саясий, атайын жана административдик кызматты ээлеген адамдарга чет өлкөдө банк эсептерин ачууга, мүлк алууга тыюу салынып жатат. Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов тиешелүү беренени окуп берди. Ал муну коррупцияга каршы күрөш менен түшүндүрдү:

«Мамлекет коррупцияга жол бербөө максатында мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу. Себеби, адам мамлекеттик кызматка кирип атканда өзүнө кошумча чектөөлөрдү алат».

Баш мыйзамга Элдик курултай деген институт киргизилди. Ал коомдук өкүлчүлүктүү жыйын болот. Элдик курултай коомдун өнүгүшүнүн багыттары боюнча сунуш берген кеңеш берүүчү, байкоочу жыйын катары кабыл алынды. Курултайчылар «көзөмөлдөөчү» деген сөздү да кошууну сунуш кылып, ал өткөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) айрым мүчөлөрүн Элдик курултай сунуш кылсын деген демилге да колдоо таппады. Бул институтту колдогондор башында Элдик курултайды президенттен, өкмөттөн отчёт алып, алардын ишин көзөмөлдөгөн орган кылгысы келерин жарыялашкан.

Кеңешменин иши суроо жаратты

Ошентип, долбоордун акыркы варианты Жогорку Кеңешке түшкөндөн кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү керек. Деген менен Конституциялык кеңешменин ишин, ал иштеп чыккан долбоорду тааныбагандар бар. Буга чейин юристтер коомчулугу кеңешменин иши мыйзамсыз экенин билдирген. «Мыйзам 93» кыймылынын жетекчиси Максат Кунакунов да ушундай эле пикирде.

Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

«Конституциялык кеңешмени түзүү боюнча президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы мыйзамсыз, - деди ал. - Биз Конституцияны 30 жылдан бери ушундай мыйзамсыз жолдор менен өзгөртүп келатабыз. 30 жылдан бери бийликтин жанында жүргөн кошоматчылар Садыр Жапаровго да мурдагылардын кейпин кийгизип жатышат. Биринчиден, легитимдүүлүгү шек жараткан Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияны жазып чыгышы туура эмес. Экинчиден, Конституциялык кеңешме Баш мыйзамды жаза алабы? Баш мыйзамды Жогорку Кеңеш, өкмөт жана элдик топ гана жазат. Анан бир кеңешмени түзө калып, алар бизге Конституция жазып бергени туура эмес. Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн, аны кабыл алыш үчүн жок эле дегенде алты ай кетет. Шашып эле кабыл алуу - чоң ката. Азыр жасалып жаткан иш менен мурдагы президенттер кандай тагдырды көрсө, азыр да ошол кайталанып калышы толук мүмкүн. Ошондуктан конституциялык кризис болуп жатканда андан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал - Баш мыйзамды элдик демилге менен жазуу. Ал үчүн Юстиция министрлигинен катталып, 300 миң кишинин колу топтолушу керек. Анан 30 адам Баш мыйзамды жазып, аны Жогорку Кеңештен өткөрүп коюу туурабы? Бул кандайдыр бир топ мамлекетти басып алды деген эле сөз. Өздөрү бир айда жазып койгон Конституцияны бизге таңуулап жатышат».

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 98 мүчөсү бар.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG