Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Чаткалдагы кендерге көзөмөл күчөтүлдү


Чаткалдагы алтын кенин иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасындагы аварияга байланыштуу кыргыз өкмөтү мекеме аралык комиссия түзүп, кайрадан текшерүү жүргүзүп жатат. Соңку маалыматтарга караганда химиялык лабораторияга жөнөтүлгөн үлгүлөр саркынды суу коопсуз экенин аныктаган.

Ушундан улам «Азаттык» кендердеги экологиялык жана техникалык коопсуздук шарттары тууралуу «Арай көз чарай» талкуусун уюштурду. Ага Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тоо-кен көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетов, «Ак-Терек» уюмунун жетекчиси, эколог Назгүл Эсен, Чаткал районунун акими Жуманалы Накетаев катышкан.

«Азаттык»: - 23-январда Чаткалдагы алтын кенин иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасынан саркынды суу ашып чыгып, сайдагы сууга кошулганда жергиликтүү бийлик кендин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей туруш керек экенин эскерткен эле. Азыр Чаткалдын акими Жуманалы Накетаев студия менен түз байланышта турат. Соңку жагдай тууралуу, эл менен жолугушуулар тууралуу айтып берсеңиз?

Жуманалы Накетаев: - 23-январда 16:30дар чамасында «Эти Бакыр Терек-Сай» кенинин эски фабрикасынын саркынды суу топтолуучу кампасы тоңуп, суу ашып, көмүрдүн калдыктарына аралашып сайдагы сууга кошулуп кеткен. Бул боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, айыл өкмөт жана кен ишканасынын өкүлдөрү тарабынан бир саатка жетпей агып чыккан суу токтотулган.

Ошол эле мезгилде элди сууну ичпей, колдонбой турууга чакырып, таза суу менен камсыз кылып турдук.

Жекшемби күнү суудан, топурактан анализдер алынып тиешелүү лабораторияларга жиберилген. 25-январда болсо бул жерде мекеме аралык атайын комиссиянын жыйыны болду. Ал жерде бардык жагдайлар айтылды. Ошондой эле квартал сайын кендерге көзөмөл салып туруу жөнүндө сунуш да айтылды. Буга чейин бир жылда бир жолу текшерилип турган экен.

Чаткал районунда чоң компаниялардан ушул «Эти Бакыр Терек-Сай» кенинен башка дагы үч ишкана бар. Андан сырткары он чакты майда ишканалар бар, бирок алар быйыл пандемияга байланыштуу иш жүргүзүшкөн жок.

«Эти Бакыр Терек-Сай» кенинин кызматкери ишканага жакын жердеги суунан текшерүү үчүн үлгү алып жаткан учуру.
«Эти Бакыр Терек-Сай» кенинин кызматкери ишканага жакын жердеги суунан текшерүү үчүн үлгү алып жаткан учуру.

Эл менен жолугушууларда алардын жашоосуна ыңгайсыздык жаралганы үчүн кечирим суралды. Айрым адамдар тарабынан «цианид заты сууга кошулуп кеткен» деген маалыматтар таралганы тууралуу да сөз болду. Элге такталбаган маалыматтарды таратуу туура эмес экендиги да айтылды.

Жолдош Нурмамбетов: - Иликтөө аягына чыга элек. Бул окуяда киши фактору болуп калды, менимче. Себеби, 6-октябрдан баштап бул фабрика токтоп турган. Бул жылдын 10-январынан баштап ишкана кызматкерлери кичинеден фабриканы жүргүзүүгө даярдай башташкан. Ошондо насостор, түтүктөр тоңуп калгандыктан суу ашып, тосмодон да толуп ташып кеткен. Бул саркындынын курамы дээрлик суу, көмүрдүн күлү кийин кошулган. Бул суу - муздатуу үчүн колдонулган суу.
Азыр иштеп жаткан мекеме аралык комиссиядан сырткары, Мамэкотехинспекция Бишкектен кошумча адистерди жибергенбиз. Алар дал ошол себебин аныктап жатышат. Андан сырткары беш жерден химиялык анализге үлгүлөр алынган - суудан үч жолу, топурактан үч жолу. Андан башка таза топурактан да, салыштыруу үчүн ошол жердин топурагынан да үлгүлөр кошо алынып, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин лабораториясына, Бишкек санэпидкөзөмөл борборуна, Кадамжай санэпидкөзөмөл лабораториясына жеткирилген эле. Азыр эле мага «суу үлгүлөрү таза чыкты» деп кабарлашты.

Назгүл Эсен: - Кийинки жылдары тоо-кен ишканалары экологиялык жактан стандарттарын туура аткарганга аракет кылып жатышат. Өкмөт тараптан да талаптар күчөп жаткандай. Бул негизинен 1998-жылы «Кумтөрдө» болгон цианид авариясынан кийинки натыйжалар. Ошондо жергиликтүү эл көтөрүлүп, көз каранды эмес уюмдар тарабынан бир нече анализдер чыккан. Андан кийин «Кумтөр» өзүнүн стандарттарын жогорулаткан. Бирок азыр көп жаңы компаниялар келип кен иштете башташты. «Алардын шарттары, стандарттары кандай?» деген суроо туулат.

Эң негизги маселе - Кыргызстанда элдин арасында түшүндүрүү иштери зарыл өңдөнөт. Себеби кендерди аларга каражат керек болгондо эле кысымга ала бербей, кен ишканалары стандарттарды сактап иш алып барышына көзөмөл кылуу зарыл экенин жеткириш керек. Эл менен кен иштетүүчүлөрдүн ортосунда жагымдуу диалог болмоюнча инвесторлорго карата нааразылык, чыр-чатактар улана берет. Бул ачууга алдырган, агрессивдүү окуялар негизги экологиялык маселелерди экинчи планга түртүп коюп келет.

«Арай көз чарай» талкуусунун толук версиясын бул жерден көрө аласыз:

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG