Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Айлана-чөйрө агенттигиндеги жамааттык тиреш


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жаңы шайланган директору Динара Кутманова менен мекеменин жамааты өз ара тирешип жатат.

Кутманова агенттикте болгон коррупциялык иштердин бетин ачууга жамаат каршылык көрсөтүп жатат деп эсептейт. Ал эми нааразы тарап Кутманованы мыйзамсыз иштерге байланыштуу айыптап, кызматтан кетишин талап кылууда.

Мекеменин кызматкерлери 28-декабрда чогулуп, жетекчиси Динара Кутманова «Эмгек кодексин бузуп, мыйзамсыз иштерди жасап жатат» деп сындап чыгышты. Алар Кутманова тууралуу бийликке кайрылуу жибергенин жана мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаганын да билдирип жатышат.

Көп өтпөй сөз болуп жаткан агенттиктин басма сөз кызматы үч барактан турган билдирүү таратты. Анда Динара Кутманованы айыптаган сөздөр жазылган. Мекемеде иштеген кызматкерлер менен байланышканыбызда алардын бири атын атабастан «Азаттыкка» буларды айтты:

«Динара Кутманова айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик системасында 1998-жылдан баштап 2006-жылга чейин ар кайсы кызматтарда иштеген. 2000-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык фонддун директору болуп турган учурда далай финансылык мыйзам бузууга барганы үчүн кызматтан бошотулуп, бирок сатылма, коррупционер соттор аркылуу кайрадан кызмат ордун ээлеп, бир топ каражатты өкмөттүн эсебинен өндүрүп алган. Ал мекемеден кантип акча жешти билет. Ошондуктан ал жетекчи болуп турганда мекеме өнүкпөйт. Кутманова азыр иштеп жаткан кызматкерлерди куугунтуктап жатат».

Агенттиктин директору Динара Кутманова нааразы болуп жаткандардын айткандарына макул эмес. Ал 28-декабрда болгон нааразылык акциясын тармакты оңдоо боюнча аракеттерге каршылык катары баалады. Анын пикиринде, акцияны 4-5 кишиден турган топ уюштуруп жатат.

«Булар экологияны талкалашкан, - деди ал. - Эмгек жамаатына баш бербеген жетекчини жумуштан кетирип көнүп калышкан. Бир аз текшерип койсо эле баары ачыкка чыгат. Акыркы үч жылдагы иш сапарларын текшере баштаганда эле алар ачууланып, нааразы боло башташты».

Эколог Динара Кутманова агенттиктин жетекчиси болуп дайындалганы тууралуу маалыматты өкмөт 13-ноябрда тараткан. Ага чейин мекемени Мирслав Аманкулов жетектеп жаткан.

Агенттиктин эмгек жамааты тараткан маалыматта «Кутманова кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен Аманкуловду иш бөлмөсүнөн сүйрөп чыкканы» айтылат. Мирслав Аманкуловдун өзү менен байланышканыбызда буларды айтты:

«Чоочун балдар келип «кеткиле, биз бийликке келдик» дешти. «Эгер мыйзамдуу кагазыңар болсо бир мүнөт да турбайм» дедим. Бирок иш бөлмөмдөн түртүп чыгарышкан жок. Мен чыр-чатак болуп кетпесин деп өзүм чыктым. Бул саясий кызмат болгондуктан өкмөт башчы кимди дайындаса ошол иштейт. Кутманова буйругун алып келди. Мен кызматтан кеттим».

Талдоочу жана эколог Гамал Сооронкулов экология кейиштүү абалда турганда мындай көрүнүштөр бул тармакты артка тартат деп эсептейт. Ушундан улам Сооронкулов агенттиктин кызматкерлери ынтымакта жаратылышты коргошу керек деген ойдо.

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

«Мен жер-жерлерди тынбай кыдырам, - деди ал. - Экология тармагында мурункудай иш жок. Анын үстүнө Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин көп функциясын Экотехинспекцияга өткөрүп коюшкан. Азыр экология кейиштүү абалда. «Араба сынба, өгүз өлбө» сымал. Жаратылышка күйгөн балдар жок. Бул тармакты тейлеген мекемеде интриганын кереги жок эле».

29-декабрда Динара Кутманова саат 11де «Акипрессте» басма сөз жыйынын өткөрөрү айтылган. Буга улай эле Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинде иштеп кеткен ардагерлердин да жыйыны болмок. Бирок эки иш-чара тең белгисиз себептер менен өтпөй калды. Кутманова жыйында бир топ коррупциялык иштер тууралуу маалымат берет деп күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG