Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:41

Кен казуучулар президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.

Ишкерлердин эл аралык кеңеши жана кен казуучу ири ишканалар Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган айрым чечимдер боюнча тынчсыздануусун билдирип, президентке кайрылышты.

19-февралда Бишкектеги басма сөз жыйынында кен казуучулар 20 күн мурда Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдер менен сунуштар тоо-кен тармагындагы инвестициялык абалга терс таасир этип, учурда иштеп жаткан компаниялардын ишмердүүлүгүнө залакасын тийгизерин айтып чыгышты. Тактап айтканда, ишкерлер тоо-кен тармагындагы бардык салык түрлөрүнүн, лицензияны кармап туруудагы төлөмдүн жогорулашына, текшерүүлөрдүн күчөтүлүшүнө кабатыр болуп жатышат. Ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков мындай деди:

- Тоо-кен тармагындагы бардык салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү, алардын ичинде киреше салыгы, бонус, роялти жана лицензия кармап туруудагы салыктык эмес төлөмдүн жогорулашы кооптондурат. Экинчиден, укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү боюнча өз оюбузду айткыбыз келет. Ансыз деле учурда ири салык төгүүчүлөрдүн арасында текшерүүлөр жүрүп жатат. Үчүнчүдөн, компаниялардын чарбалык иштерине кийлигишүү болуп эсептелген сунуштар бар экен. Биз булар боюнча өз оюбузду айтабыз.

Ала-Бука районунда кен казган "КАЗ Минералз Бозымчак" компаниясынын башкы адиси Умар Даиров бул тармактагы ишканалар укук коргоо органдарынын ыксыз текшерүүлөрүнөн жабыр тартып келээрин айтууда. Башкы адис эми Коопсуздук кеңешинин чечимдерин шылтоолоп текшерүү күчөп кетпейби деп чочулайт.

- Кыргызстанда инвестор келсе эле текшерүүчү органдар “туура эмес иштеп жатат, акчаны катып, уурдап жатат, өкмөт ушул мекемеден жабыркап, толук салык албай жатат” деп ойлошот. Ар бир текшерүүгө ушундай ой менен келип, көбүнчө ошол ой менен кетишет, - деди адис.

Кендер эмнеге элдин байлыгы болгон жок?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:13 0:00

Коопсуздук кеңешинин 30-январда өткөн жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Ички иштер министрлигинде иштеген Э.Жумаев аттуу жаран 40 миң гектардан ашык жери бар 41 лицензияга ээлик кылаарын айткан. Бирок Ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков бул боюнча таптакыр башка маалыматтарды айтты:

- Лицензиялар 41 эмес, 39 болгон. Бул лицензиялар тоо-кен тармагындагы таанымал, эмгеги сиңген ишкер Александр Беккерге таандык экен. Ал биздин өлкөгө 100 млн. доллар инвестиция алып келген. Ал көптөн бери Канадада жашап, иштеп жатат. Ошол жердеги ишкерлерге түшүндүрүп, бул жакка алып келүүнүн үстүндө иштеп жатат. Изилдөө жүргүзөм, издейм дегендерди колдон келишинче колдош керек.

Сыдыков ишкер Александр Беккер кайсы өлкөнүн жараны экенин так айта алган жок. Анын маалыматында, Александр Беккер бир кезде Кыргызстандын укук коргоо органдарында иштеген.

Январдын аягында тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак “коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын” билдирген. Президент лицензиялар оңду-солду берилип, шылуундардын ири бизнесине айланганы айтып, укук коргоо органдарын сындаган.

- Кен иштетүү таза тармакка айланышы керек, - деген эле ал. - Алып сатарлардын тармагы болбошу керек. Кен байлык алып сатарлардын кен байлыгы болбошу керек. Укук коргоо органдары мыйзамсыз казылып жаткан кен байлыктарга бөгөт коюшу зарыл. Муну жергиликтүү милиция, прокурор, Финполиция - баарыңар билесиңер, бирок тийбейсиңер.

"Кен тармагы коррупцияга батып турат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:53 0:00

​Бирок Коопсуздук кеңешинин чечимдери коомчулукка жарыяланган эмес. Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинен тоо-кен тармагындагы ишканалардын президентке жазган кайрылуулары боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Мекеменин басма сөз кызматы жооптуу кызматкер менен байланыштырып бере алган жок. Өкмөттүн басма сөз кызматы болсо жакын арада комментарий берилерин маалымдады. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кен казуучулардын 41 лицензияга ээлик кылган жаран боюнча айткан маалыматтарына жооп даярдалып жатканын билдирди.

Кен казуучулар “Эрнст энд Янг” консалтинг компаниясынын изилдөөсүнө таянып, Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы салыктын жүгү 17,9% түзөрүн айтып жатышат. Алардын пикиринде бул пайыз башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жогору. Ошондой эле Ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыковдун маалыматына караганда 2018-жылы тоо-кен тармагындагы ишканалар 10 млрд. 700 млн. сом, 2017-жылы 9 млрд. 800 млн. сом, 2016-жылы 8 млрд. 600 млн. сом салык төлөшкөн. Ошондой эле Сыдыков бул тармак 17 миң кишини жумуш менен камсыз кылып жатканын кошумчалады.

Ишкерлердин эл аралык кеңеши, Тоо-кен казуу өнөр жай ассоциациясы жана он чакты ишкана Коопсуздук кеңешинде айтылган сунуштарга кеңири талдоо жүргүзүп, 26 барактан турган жооп даярдалган. Ишкерлер Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимде инвесторлорго жагымдуу факторлор бар экенин да белгилеп, президент менен жолугуп бул тармактагы маселелерди чогуу талкуулоого даяр экенин маалымдашты. Президентке жазган кайрылууга Ишкерлердин эл аралык кеңеши, Кыргызстандын тоо-кен жана металлургия кесиптик бирикмесинин борбордук комитети, Тоо-кен ассоциациясы, "КАЗ Минералз Бозымчак", "Чаарат ЗААВ", "Хайленд Эксплорейшн", "Вертекс Голд Компани", "Эти Бакыр Терексай", "Z-Explorer", Кыргызстандагы "ЮрАзия", "Jasper Gold Corp" ишканалары кол койгон.

Акыркы расмий маалымат боюнча, тоо-кен тармагынан жылына 12 миллиарддай сом түшөт, бул ИДӨнүн сегиз пайызга жакын бөлүгүн түзөт. Ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилген. Эгемдик алган жылдардан бери кен изилдеп, казган инвесторлор менен жергиликтүү эл чатакташа кеткен учурлар толтура. Акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG