Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Шайлоодон кийин камалган талапкерлер


Курсан Асанов жана Абдил Сегизбаев.

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы чечиле элек. Ал 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар үчүн айыпталып, 26-январда камалган. Ушуну менен президенттик шайлоого катышкан экинчи талапкер камакка алынды.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. Ал азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторунда кармалып турат. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева бышыктады.

Курсан Асанов 2020-жылдын 5-9-октябрында Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынган. 2020-жылдын 4-ноябрында кайра үй камагына чыгарылган. Адвокат Таалайкүл Токтакунова Асановдун жогоруда сөз болгон иштин алкагында жүрүп жатканын билдирди.

«Өткөн жылдын 10-октябрында камалганда «Бишкектин борбордук аянтындагы башаламандыкты уюштуруп, ИИМдин имаратын басып алды» деген айып коюлган. Ошонун негизинде баш коргоо чарасы өзгөрүлүп, эч жакка кетпөө боюнча тил кат менен үй камагына чыккан. Ошол кезде президенттикке талапкер болду. Азыр ошол козголгон кылмыш иштин мазмунуна дагы бир берене кошулуп, «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деп камакка алышты».

2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кайда кеткени белгисиз болгон. Анын милдетин 6-октябрдан кийин Курсан Асанов аткарып жатканы кабарланат. Бирок ИИМдин жеке курамы жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып барышын талап кылып, 9-октябрда Асановду имараттан чыгарып коюшканы маалымдалган.

Ошол кезде коопсуздук кеңешинин орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн күч структурасын тейлегенин билдирип келет. Ал тополоңдо Курсан Асанов мамлекеттин жана элдин коопсуздугун сактап калган адамдардын бири болгон деп эсептейт.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

«Ал күндөрү Курсан Асанов мыйзамды бузган эмес. Тополоңдо расмий бийлик жок болуп калды. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып кеткен. Топтолгон эл түрмөдө жаткандарды чыгара баштады. Биз ошону токтотконго аракет кылдык. Легитимдүү бийликтен кабар жок болуп калды. Мен коопсуздук кеңешинин орун басары катары күч структурасын координация кылуу укугум бар эле. Ошол кезде милицияга дем бериш керек болчу. Курсан Асанов теледен чыгып, күч органдарына кайрылуу жасап жатты. Башаламандык учурунда бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Курсан Асанов баш болгон милициянын отставкадагы генералдарын, полковниктерин Ички иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Курсан Асанов толопоңдо мамлекеттин коопсуздугун сактап калгандардын бири болгон. Анын камалышын мыйзамсыз деп эсептейм».

Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк ал шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

"Башка саясатчылар да жооп бериши керек"

Курсан Асановдун камалышын саясий куугунтук катары да баалагандар болууда. Алардын бири, 2020-жылы 4-октябрда өткөн парлементтик шайлоодо «Замандаш» партиясын жетектеп барган Жеңиш Молдокматов буларды айтты.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Курсан Асановдун камалышы бул – саясий куугунтук. Себеби президенттик шайлоодо негизги талапкерге ким каршы чыкса, ошого кысым болуп жатпайбы. Чынын айтсам, мени качан чакырып, эмне кылып кетет деп күтүп жатам. Эми ага даярбыз. Президенттик шайлоодогу үгүт маалында оппоненттер болот, курч создөр айтылат. Талапкер болгон адам сабырдуу болушу керек. Президент болуп шайланса бардык күчтөрдү бириктиши керек. Камоо менен экономика оңолуп кетпейт. 20-30 кишини камасын да 20-30 кишини кустурсун, аны менен бюджеттик таңкыстыгы чечилбейт. Бул туура эмес жол. Курсан Асановго коюп жаткан кине чоң кемчилик. Азыркы бийликти туңгуюкка жетелеген жол. Эгер ага коюлган айып туура болсо октябрдагы окуяларда жүргөн бардыгыбызды камашы керек. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров баштаган саясатчылар ошол жерде жүргөн. Сыймык Жапыкеев менен Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокуратураны басып алууга аракет кылган деп айтылып эле жүрбөйбү».

5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдин жигердүү катышуучулары болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбеков жана Эмил Токтошев да 2020-жылдын 20-ноябрында ИИМге суракка чакырылган. Чакыруу кагазында алар күбө катары суракка алынары жазылган. Бирок сурактын андан аркы уланышы тууралуу маалымат айтылган эмес.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов башаламандыкка байланыштуу тергөө, издөө, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган. Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмесинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук ишмерлер бар экени айтылган. Бирок тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу көп нерсени айтылбай турганын айткан жайы бар.

Бирок митингге активтүү катышкандардын бардыгы эле суракка чакырылган жери жок. Алардын бири, парламенттик шайлоодо «Чоң Казат» партиясынын тизмеси менен жарышка катышкан, учурда вице-премьер-министр кызматын аркалап турган Максат Мамытканов буларга токтолду.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Тергөө амалдары жүрүп жатат. Биз ага кийлигише албайбыз. Жыйынтыкка жараша өзүбүздүн оюбузду айтабыз. Ал эми Курсан Асановдун ошол кездеги кыймыл аракеттери тууралуу билген эмесмин. Маалыматыбыз да жок болчу. Алар өздөрүнчө бир нерсе кылып жатышкан экен. Азыр өзүнчө жооп берип жатышат».

Асановдун аялы Күлнара Үсөнканова ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып, 11-январда суракка чакырылган. Сурак маалында инсульт алып, ооруканага түшкөнү кабарланган. Адвокат Таалайкүл Токтакунованын билдиришинче, Үсөнканова учурда жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган. Абалы туруктуу. Бирок ден соолугуна байланыштуу күйөөсү Курсан Асановдун камалганы тууралуу уга элек.

Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда болгон Бишкектеги нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин, УКМКнын имаратын талкалап салышкан.

Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Жапаров 10-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон.

Сегизбаевдин жакындары анын саламаттыгына кабатыр

Курсан Асановдон бир күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

26-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган Сегизбаевдин бөгөт чарасы 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 25-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Анын камалышын адвокат Кантемир Турдалиев мыйзамсыз деп билдирүүдө.

«Абдил Сегизбаев суракка менин катышуумсуз кирген. Анткени аны суракка күбө катары чакырышкан. Мындай жагдайда адвокаты жок эле катыша берсе болот. Андан кийин «адвокат келсин» деп мени чакырышты. Мен келген учурда мага шектүү катары чыгарган протоколду көрсөтүштү. Иштин жагдайлары менен таанышайын десем, мага бир да кагаз беришкен жок. Тергөөдө мыйзамсыз иштер болгон. Биз прокуратурага же сотко кайрылабыз».

Сегизбаевдин жакындары 27-январда эртең менен Бишкек шаардык милициясынын алдына чогулушкан. Анын аялы Айнура Сегизбаева күйөөсүнүн саламаттыгына кабатыр болуп жатканын белгилеген:

Айнура Сегизбаева.
Айнура Сегизбаева.

«Абалы кандай экенинен кабар ала албай жатабыз. Адвокатты да киргизбей жатат. Убактылуу кармоочу жайдын ичи сыз жер экен. Жылуу кийимдерин алып келгем. «Сегизбаевди ичинен кокустап коёт экен» деген имиштерди угуп алып кабатыр болуп жатам. Биз бул сыноодон өтөбүз. Абдилдин иммунетети – бул анын тазалыгы. Жаман иштер биздин үй-бүлөгө жабышпайт».

26-январда Башкы прокуратура УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени тууралуу далилдер табылганын маалымдаган. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт иши» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынган.

2016-жылы УКМКны жетектеген Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылганы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн парламентте жарыя кылган.

Сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Ал документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөтүлүп, үч депутатты тескери сыпаттаган материалдар коомдук телерадиокомпаниядан да берилген. Бирок кийин документтин түп нускасы УКМКда жок болуп чыккан.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

«"Белизгейт" – бул ойдон чыгарылган иш болчу. Ага документтер кайдан, кантип келди деген маалыматтар чындыкка туура келиши керек эле. Бирок ошол кезде бийлик башында турганда актай кагазга Салянова, Текебаев, Шыкмаматов деп жазып туруп эле «мына ушул документтин негизинде жүздөгөн миллиондор ушул үч адамга таандык экен» деп ошол кездеги президент Атамбаевге берип коюшкан. Ал жерде эч кандай чындык жок. Буга эртели-кеч жооп бериши керек болчу. Азыр каралып жатат. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек», - деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова.

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Абдил Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, шайлоочулардын 1,46% добушун алган.

Сегизбаев шайлоо алдындагы үгүт иштери, КТРКдагы дебат учурунда Садыр Жапаровду кескин сынга алган. Жапаров болсо журналисттерге берген маегинин биринде «Сегизбаевге кылмыш иши бар экенин билем» деген эле. Бирок кайсыл иштер экенин ачык айткан эмес.

Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Абдил Сегизбаевге мурдараак дагы бир кылмыш иши козголгону маалым болгон. Башкы прокуратура 22-январда Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып жатканын жана тиешелүү материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.

Ошол эле күнү УКМКнын мурдагы төрагасы басма сөз жыйынын өткөрүп, козголгон кылмыш ишин «саясий өч алуу» деп сыпаттаган жана аны "Бакиевдердин тапшырмасы" менен камакка алуу аракети болуп жатат деп билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG