Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 4-ноябрда ал үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Башкы прокуратура кайрылган.

«Башкы прокуратура өз өтүнүчүндө Асанов багуудагы балдары, үй-бүлөсү бар адам экенин, туруктуу жашаган жери бар экенин, качып кетпей турганын белгилеген», - деди адвокат.

5-9-октябрдагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган Асанов 10-декабрга чейин камакка алынган. Мындай чечим 12-октябрда Биринчи май райондук сотунда чыккан. Асанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

2-ноябрда Асановдун 100дөн ашык тарапкери УКМКнын имаратынын жанында митинг өткөрүп, кийин Өкмөт Үйүнүн жанына барышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG