Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

Фарид Ниязов сотторду ачык өткөрүүгө чакырды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, анын президенттик аппаратынын башчысы болгон Фарид Ниязов сот жараяндарын ачык, эркин журналисттердин катышуусунда өткөрүүгө чакырды. Ниязов сотторду ачык өткөрүүгө саясий эрк керек экенин белгилеген.

Ниязовдун кайрылуусунда: «Кылмыш ишинде бир да мамлекеттик сыр жок. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери сотко жүзү жабылган атайын беткап менен келип жатышат», деп айтылат.

Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган. 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алууну чечкен. Анын адвокаттары шаардык сотко даттанышкан эле.

Фарид Ниязов менен кошо «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камалган. Шаардык сот Султанбековду 14-октябрда үй камагына чыгарган, Асанов камакта отурат.

Фарид Ниязов буга чейин 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. Аны 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары бошотуп алышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да айыпталып, үй камагына алынган. Ага «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Мындан тышкары ага каршы дагы эки иш козголгон.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды түрмөдөн бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаев да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

12-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Канат Сагынбаев да эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG