Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Канатбек Исаев: бир мандаттуу системада жалаң байлар депутат болуп келет


Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.

Канатбек Исаев 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетерин жарыялап жатып, депутаттыкка шайланып келүү системасы жөнүндө пикирин билдирди. Исаев бир мандаттуу шайлоо системасы жалаң гана байлардын депутат болуп келүүгө шарт түзөт деп эсептейт.

«Бир мандаттуу системаны да көргөнбүз. 2005-жылы бир мандаттуу система менен шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына эл нааразы болуп революцияга айланган. Экинчиден, үчүнчү чакырылышта бир да аял депутат өткөн эмес. Бүгүнкү күндө акчасы жок, элдин ичинде кадыр-баркы бар ар кандай саясий күчтөрдүн, ар кандай коомдун катмарынын өкүлдөрү партиянын арты менен депутат болууга мүмкүнчүлүгү бар. Жарымы бир мандаттуу системадан болсо, анда ошол жарымында жалаң бай, олигархтар келет. Анткени округдар көбөйөт, жок дегенде 80 миңдик округдар болот. Элестеткиле, 80 миңдик округдан эч качан колунда жок адам депутат боло албайт», - деди Исаев.

Исаевдин ишениминде партиялык система аймактык ажырымга жол бербейт.

3-ноябрда Ош шаарындагы эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши жазылганын билдирген. Ошондой эле ал конституциялык реформалардан кийин гана парламенттик шайлоо өтөрүн айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG