Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо башкаруу системасы алмаштырылгандан кийин өтөт (видео)


Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы.
Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров конституциялык реформалардан кийин гана парламенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Ош шаарындагы эл менен жолугушууда айтты.

«Спикер, бардык фракциялардын жетекчилери менен кеңешип, баарыбыз бир жыйынтыкка келдик. Мыйзамды бузбаш үчүн, шайлоону 1-июнга чейин жылдыра турган мыйзам кабыл алып, мен кол коюп күчүнө кирди. Мыйзамдын негизинде жылдырылды. Анткени конституциялык реформаларга барып, башкаруу системасын алмаштырып алып, анан шайлоо өткөрөлү деп чечтик. Менин болжолумда апрель айларына, ашып кетсе май айларына барат. Ушул убакыттарда парламенттик шайлоо болот», - деди Жапаров.

Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00


Жапаров Ошто эл менен жолугушуу учурунда конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирип, Конституциялык кеңешме түзүлөрүн айтты. 22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата учурда ишти кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого эл каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган соң, БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

2-ноябрда Жапаров Баткен облусун кыдырып, инфратүзүмдүк объектилердин курулушун көрүп, облустун активи менен жолукту. Ал өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселелери, коронавирус эпидемиясы жана коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. 3-ноябрда Жапаров Жалал-Абад облусуна да барат. (TSh)

XS
SM
MD
LG