Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду камакта калтырды


Фарид Ниязов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, анын президенттик аппаратынын башчысы болгон Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алууну чечкен. Анын адвокаттары шаардык сотко даттанышкан эле.

Фарид Ниязов менен кошо «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камалган. Шаардык сот Султанбековду 14-октябрда үй камагына чыгарган, Асанов камакта олтурат.

Фарид Ниязов буга чейин 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. Аны 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары бошотуп алышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да айыпталып, үй камагына алынган. Ага «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Мындан тышкары ага каршы дагы эки иш козголгон.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети адамды жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаев да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

12-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Канат Сагынбаев да эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG