Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

УКМКнын инсультка жеткирген сурагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова атайын кызматка суракка келгенде өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды. Үсөнканованын жакындары ал инсульт алганын, жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлашууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, Күлнара Үсөнканова 11-январда суракка келип, ошол жерде өзүн жаман сезген. УКМКнын Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери анын абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

«2021-жылдын 11-январында сотко чейинки өндүрүштүк иштер боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКга Үсөнканова Күлнара чакырылган. Атайын кызматтын имаратында тергөө башталганга чейин анын ден соолугу начарлап кеткен. Натыйжада дарыгерлердин жардамы менен Үсөнканова «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, адистер стационардык дарыланууну сунуш кылышкан. Ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды», - деди атайын кызматтын атын атагысы келбеген өкүлү.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова кардары Үсөнканова инсульт болгонун, азыр реанимацияда экенин билдирди. Анын айтымында, ал атайын кызматка адвокатсыз барган.

Таалайкүл Токтакунова.
Таалайкүл Токтакунова.

«УКМК Үсөнканованы 10-январда кечки саат сегизге чакырган. Бирок кайра 11-январга эртең мененки саат ондо келсин деген чакыруу жиберишкен. Ал учурда менин колум бошобой калгандыктан «суракты башка күнгө жылдыралы же түштөн кийин адвокат менен чогуу келейин» деп суранганы УКМКнын имаратына кирген. Андан кийин эле телефону өчүп калды. Менимче, тергөөчүлөр суракты адвокаты жок эле башташкан окшойт. Андай болбошу керек эле. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жакындарын да ал жакка киргизбей жатат. Ошондуктан андан маалымат алууга мүмкүн болбой турат».

Саламаттык сактоо министрлиги Үсөнканова ооруканада экенин тастыктаганы менен анын абалы тууралуу комментарий берүүдөн карманды. Мекеменин басма сөз кызматы муну дарылануунун купуялуулугу менен байланыштырууда.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев тергөөдөгү айрым жагдайларга токтолду.

«Миң учурдун бири ушундай болушу мүмкүн. Тергөөгө келген адамдар ар түрдүү болот. Айрымдары оор басырыктуу, кээ бирөө эмоционалдуу отурат. Кырдаал ошого жараша өзгөрүшү мүмкүн».

УКМК 7-январда тараткан маалыматта президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганы айтылган. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес.

Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О. деген жарандын арызынын негизинде У.К. инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген.

Кийинчерээк алдамчылыкка байланыштуу шек саналган аял президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экени тууралуу маалыматтар чыккан.

Маалыматка караганда, шектүү УКМКга ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн чакырылган. Ал 2017-2018-жылдарда арыз жазган жарандан жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай койгон деп айыпталууда.

УКМКнын билдирүүсүндө арызданган адам чет элдик инвестор экени жана өлкөгө керектүү долбоорго капитал салууну көздөгөнү да жазылган.

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Бирок Курсан Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан эле. Анын шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлү Айгелем Нурбек кызы 8-январда тараткан билдирүүсүндө УКМКнын материалдарында талапкер Курсан Асановго каршы жасалган үгүттүн белгилери бар экенин айткан. Кийинчерээк ал Борбордук шайлоо комиссиясына, башкы прокурорго, УКМКнын башчысына, ошол кабарды тараткан маалымат каражаттарына арыз менен кайрылган. Нурбек кызы учурда бул мекемелерден жооп келе электигин билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп бериши керек деген жүйөнү карманып турат.

Кубанычбек Кадыров.
Кубанычбек Кадыров.

«Курсан Асанов болобу же башка жаранбы бардыгыбыз мыйзам алдында бирдейбиз. Мындан сырткары тергөө жүрүп жатканда эмне болуп жатканын билбейбиз. Башында 2 млн. доллар деп жатышты эле, кийин 5 млн. доллар деген маалымат чыкты. Бул чоң акча да. Инвестор келип ушунча акчасын алдыртып жиберсе Курсан Асанов үчүн гана эмес, кыргыз эле үчүн уят иш. Муну тергөө аныктайт деңизчи. Бирок Курсан Асанов азыр да президенттикке талапкер деген статуста турат. Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана элек. Ошондуктан тергөөдө болгон иштер коомчулукка ачык айтылып, мыйзам чегинде иш жүрүшү керек».

Укук коргоочу Динара Ошурахунова атайын кызматтын тергөө иштерин сынга алды.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«УКМК союздан калган система менен иш алып барууда. Ошондуктан реформаны ушул мекемеден баштоо керек. Биринчиден, УКМК тергөө жүргүзбөшү абзел. Аны Башкы прокуратура алып барат. Азыр шектүү деп кайсы бир адамды чакырып алып кекетип жатышат. Керек болсо репрессияга барышат. Алардын иши чалгын менен улуттук коопсуздук. Атайын кызмат коррупция менен күрөшө албайт. Ага күбө болдук. Мисалы, Райымбек Матраимовду камаган жок. Ал эми тергөөсү союз учурунда КГБдан калган психикалык басым менен өтөт. УКМК чакырып жатат десе ар бир киши коркот. Аял киши эмес, күчтүү деп саналган эркектер да стресс болот. Бул УКМКнын туура эмес иш жүргүзгөнү. Иштөө ыкмасын алмаштыруу керек. Айрым эксперттер «атайын кызматты реформалоо мүмкүн эмес болуп калды, бул мекемени жоюп туруп, кайра башынан түзүү керек» деген пикирлерин айта баштады».

2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынан соң коомчулукка белгилүү болгон Курсан Асанов парламенттин 5-чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен парламентке шайланган. Бирок алты айдан соң депутаттыктан өз эрки менен баш тарткан. Ошондон кийин ички иштер министринин орун басарлыгына дайындалып, 2019-жылдын август айына чейин бул кызматты ээлеп келген.

Ал 2019-жылы Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден чыкты» деген негизде 13-августта кызматтан алынган. Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Курсан Асанов 2020-жылдын 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесине кирген.

2020-жылдын 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Курсан Асанов 10-октябрда эки айга камакка алынган. Көп өтпөй, тактап айтканда 4-ноярбда үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого катышты. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен ал жалпы шайлоочулардын 0,5 пайыз добушун алды. Бирок ал шайлоонун жана башкаруу тартибин аныктаган референдумдун жыйынтыгы менен макул эмес экенин билдирген жайы бар.

XS
SM
MD
LG