Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Курсан Асановдун өкүлү УКМК тараткан маалыматка кабатырлык билдирип арыз жазды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Курсан Асановдун өкүлү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тараткан маалыматына кабатырлыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына, башкы прокурорго, УКМКнын башчысына, ошол кабарды тараткан маалымат каражаттарына арыз менен кайрылды.

УКМК 7-январда президенттикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылык боюнча шек саналып жатканын жана ага карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын жарыялаган. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес. Кийинчерээк алдамчылыкка байланыштуу шек саналган аял президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экени тууралуу маалыматтар чыккан.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына бул иште талапкердин аялын шектүү деп атоо туура эмес экенин билдирген.

«Бардык жерде талапкердин аялы алдамчылык фактысы боюнча шек саналып жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Биринчиден, ал шектүү эмес. Экинчиден, Кой-Таш окуяларынан бери ал биздин эр жүрөк коргоочулардын көп жолку коногу болгон. Аны эмне гана иштерге айыптоого аракет кылышкан жок! «Бастилияны басып алуу» эле калды. Ал өзү гана эмес, анын жалгыз уулу да атасынын ишмердиги үчүн жапа чегип жатат», деп жазган «Фейсбук» баракчасына Таалайгүл Токтакунова.

Талапкер Курсан Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Айгелем Нурбек кызы 8-январда тараткан билдирүүсүндө азыркы учурда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткандыктан, материалдарда талапкер Курсан Асановго каршы үгүттүн белгилери бар деп эсептей турганын билдирген.

Айгелем Нурбек кызы, мындан тышкары, УКМК маалымат таратуу менен Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүн бузганын жазды. Ал бөлүктө «мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт» деп жазылган.

Талапкердин өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевден «Администравдик ресурстан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык УКМКга карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүүнү суранган.

Нурбек кызы Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканованын конституциялык укугу бузулганы белгилеп, Баш мыйзамдын 26-беренеси мисал катары келтирилген. Ал берене төмөнкүчө: «Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет».

УКМКнын маалыматына ылайык, У.К инициалындагы жаранга карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналганы, 2017-2018-жылдарда арыз жазган чет элдик ишкерден жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай жатканы жазылган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, иш прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG