Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Сот Саляновага чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок


Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайра карап, аны беш жылга соттогон мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Салянова Жогорку соттун чечимин “мыйзамсыз” жана “өч алуу” деп баалады.

Салянованын ишин караган соттук коллегиянын мүчөсү, Жогорку соттун судьясы Нурмамбет Эшалиев өкүмдү окуп берди.

«Адвокат Жакупбекова 2017-жылдын 10-апрелинде Ленин райондук соту тарабынан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко өтүнүч келтирген. Соттук коллегия ишти карап чыгып, Салянова Аида Жеңишбековнанын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу өтүнүчү четке кагылат жана Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырат. Бул чечим акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт».

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Жогорку соттун мурдагы өкүмдү күчүндө калтырышын Аида Салянова акыйкатсыз чечим деп баалады.

«2017-2018-жылдары мага карата саясий чечимдер чыккан. Бүгүнкү сот отуруму жаңы бийликтин убагында болуп жатпайбы, менимче алар үчүн менин ишим "өлкөдө акыйкаттык, мыйзамдуулук болобу же саясий куугунтук дагы эле улана береби?" деген бир сыноо болчу. Негизи ушул процессте мыйзамдуулук жеңмек же өч алуу уланмак. Өч алуу жеңип кетти. Ушул чечимди акыйкат деп ким айтат?».

Салянова анын күнөөсү жок экенин далилдеген документтерди бергенин да кошумчалады.

Буга чейин мурдагы башкы прокурордун адвокаты Рабига Сыдыкова Елисеев менен катар эле лицензиясын кайра калыбына келтирген адвокаттардын түшүндүрмө каттары бар экенин, Кыргызстанда кайра калыбына келтирилген лицензия Кыргызстандын аймагында гана күчкө ээ экенин далилдеген документтерди алып келгенин билдирген.

Салянованын “лицензия иши” Жогорку сотто ушуну менен экинчи ирет каралды. Буга чейин 2019-жылдын декабрь айында да ишти жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу кайра карап, жазаны өзгөрткөн эмес. Мындан улам Аида Салянованын адвокаттары ишти жаңы жагдайлар боюнча кайрадан кароо өтүнүчүн келтиришкен.

Саясатчы Бектур Асанов Саляновага козголгон кылмыш иши жана сот чечимдери саясий мүнөздө болду деген пикирде.

Бектур Асанов
Бектур Асанов

«Алмазбек Атамбаевдин учурунда бул саясий чечим болгон. Жээнбековдун учурунда ошол саясат эч өзгөргөн жок. Соттордун көз карандысыздыгы, сот реформасы тууралуу, мыйзамдуулук деген түшүнүктөр мурдагы бойдон калды. Бүгүнкү бийлик тушунда деле эч нерсе өзгөргөн жок. Бул жерде саясий боёк бар. Себеби, Салянованын акталып, саясатта колу-буту бош жүргөнү азыркы бийликке да ыңгайсыздык жаратат деп айтсак болот».

Аида Саляновага кылмыш иши 2016-2017-жылдары парламент депутаты катары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындап турган мезгилде козголгон.

Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин башкы прокурорлук кызматка келген, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев да буга чейин Аида Саляновага «мыйзамсыз өкүм» чыкканын айткан эле.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова Салянованын эки инстанцияда тең күнөөсү далилденгенин айтып, буларга токтолду.

«Аида Салянованын күнөөсү эки инстанцияда тең далилденген. Жогорку соттун коллегиялык органы анын мыйзамдуулугун гана карайт. Ишти карап жатканда кайсы жерде мыйзам бузулган, кайсы жери көз жаздымда калды же болбосо Жогорку сотко кайрылып жатканда жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралбай, жабырлануучунун пайдасына чечилбей калды деген эпизоддор болот да. Демек ошондой эч нерсе табылган жок. Биринчи, экинчи инстанцияда каралган нерселер эч кандай оңдоп-түзөөсүз Жогорку сотко барды. Жогорку сот аны күчүндө калтырды. Демек ошол лицензия берилгенде кандайдыр бир деңгээлде мыйзам бузулган», - деди саясатчы.

Салянованын иши саясий өч алуубу?

Аида Салянова 2013-жылы башкы прокурор кызматын аркалап турган учурда азыркы шайланган президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митингде депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды соттосо, Бишкек шаардык соту толук актаган. Ал эми Жогорку сот аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок жаза мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу камакка алган эмес.

Быйыл 16-октябрда Жогорку сот бул ишти кайра карап, Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талантбек Мамытовду актаган чечим чыгарды.

Садыр Жапаров «2013-жылы бийлик адамын барымтага алган» деп айыпталып, камалган Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндөгү башаламандык маалында тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган. Саясатчы мурдагы бийликтердин тушунда сот жообуна тартылганын бийликтин ага карата саясий куугунтугу катары баалап келген.

Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

Ал 2011-2015-жылы башкы прокурор, 2010-жылы юстиция министри болуп иштеген. Жогорку Кеңешке "Ата Мекен" партиясынан депутат болгон.

XS
SM
MD
LG