Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Сооронкулова: Салянова акталышы керек


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованы "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды.

Бирок ал жазасын үч жаштагы кызы 14кө чыккандан кийин өтөй турган болду. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова Салянованын сотунун жүрүшү, ага карата чечим тууралуу "Азаттык" радиосуна маек берди.

"Азаттык": Сотто айыпталуучуга да, адвокатка да акыркы сөз берилген жок. Аида Салянова жараян мыйзам бузуу менен өткөнүн кайталап келет. Сиз соттун жүрүшүнө байкоо салдыңыз да. Кандай болду?

Башынан эле болбогон жерден айып тагып, кылмыштын курамын түзө турган эч кандай иш-аракети жок сот болду. Беш жыл жаза берүүдөн уялышса болмок.

Клара Сооронкулова: Чынында сот чечими таң калууну жаратпайт. Саясий буюртма болгондон кийин ушундай чечим кабыл алмак. Бирок беш жыл деген жаза өтө катаал болуп калды. Сотто көп мыйзам бузуу болду. Айыпталуучуга акыркы сөз берилген жок. Жарыш сөз да өткөрүлбөдү. Бул жараяндар сөзсүз түрдө аткарылышы керек эле. Сот адилеттүү болсо жогорку инстанция мындай чечимди жокко чыгарат. Бардык нерсе саясий абалга байланыштуу болуп жатат. Соттор да көз каранды болуп атпайбы.

"Азаттык": Салянова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталды. Ага козголгон кылмыш иши сот процессинде далилдендиби?

Клара Сооронкулова: Биз – юристтер мындай иштерге баа бергенден сактанып турабыз. Ишке катышпагандан кийин баа берүү кыйын. Бирок далилдердин жоктугу ачык эле көрүнүп турат. Башынан эле болбогон жерден айып тагып, кылмыштын курамын түзө турган эч кандай иш-аракети жок сот болду. Беш жыл жаза берүүдөн уялышса болмок. Өтө эле аша чаап кетишти.

"Азаттык": Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө судьянын да, прокурорлордун да айыпталуучу тараптын түшүндүрмөсүнө көңүлкош караганы байкалып жатты. Негизи Саляновага козголгон кылмыш иш боюнча кандай чечим чыгышы керек эле?

Биздин судьялар актабайт, актагандан коркот да. Бул сот тармагындагы абдан чоң көйгөй. Саясий буюртма болгондон кийин аны сөзсүз түрдө аткарышмак.

Клара Сооронкулова: Аида Салянова акталышы керек болчу. Анткен менен сот чечимдерин талдап көрсөк, биздин судьялар актабайт, актагандан коркот да. Бул сот тармагындагы абдан чоң көйгөй. Саясий буюртма болгондон кийин аны сөзсүз түрдө аткарышмак. Бирок өзүмбилемдиктин да чеги болууга тийиш. Мунун артында саясат турганы билинип атат.

Сот жараянындагы талаптар аткарылбай, шашылыш түрдө чечим чыгарылганы – сотторго басым болгонун айгинелейт. Булар “териштирүүнү эмнеге мынча созуп атасыңар” деп жеме уккан болушу керек. Абдан көп укук бузуулар орун алды. Эгерде болочокто Кыргызстанда саясий абал өзгөрө турган болсо, Салянова кийинки инстанцияларда акталууга тийиш.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG