Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Салянованын иши: аткарылбаган өтүнүч


Аида Салянова
Аида Салянова

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши 21-августта, Ленин райондук сотунда каралды. Отурумдун башында адвокат Чынара Жакупбекованын эки коомдук жактоочуну соттук жараянга катыштыруу өтүнүчүнө макул болгону менен, кийинки келтирген өтүнүчтөрдүн бирин да канааттандырган жок.

Ленин райондук соту Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын отурумга эки коомдук жактоочуну, “Конституциялык саясат институту” деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси Нурлан Садыков жана анын кызматкери Рабига Садыкованы катыштыруу өтүнүчүн канааттандырды. Буга айыптоочу тарап да каршы болгон жок.

Сотко катышууну өзү демилге кылган Нурлан Садыков Саляновага иш мыйзамсыз козголгонун айтып, анда кылмыштуулуктун белгиси да жоктугун билдирди:

- Мен Саляновага каршы козголгон иштин жүйөлөрүн укканда таң калдым. Бул иште кылмыштуулуктун жыты да жок. Мен муну саясий өч алуу катары сыпаттайм. Айыптоо тарап келтирген жүйөлөрдө бирине-бири каршы келген жагдайлар көп. Елисеевге берилген лицензиянын негизинде ал Латвиядан компания ачып алган деп жатышат. Анын адвокаттык лицензиясы июнь айында узартылган. Бирок ал компанияны 2010-жылдын апрелинде, лицензия ала электен мурда эле негиздеген экен. Айыптоочулардын ушундай башаламан хронологиясы мени тынчсыздандырат.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Соттук отурумда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын биринчи өтүнүчү канааттандырылганы менен кийинкилери четке кагылды.

Маселен, 2010-жылы юстиция министринин орун басары болуп турган Жылдыз Мамбеталиева менен Аида Салянованын телефондон сүйлөшкөн аудиосунун стенограммасын иш материалдарына тиркөө боюнча Жакупбекованын өтүнүчүн сот Кубанычбек Касымбеков канааттандырган жок.

Аудиодо Аида Салянова менен Жылдыз Мамбеталиева Елисеевге лицензия берүүдө мыйзам бузулбагандыгын жана кооптонууга негиз жок экендиги тууралуу сүйлөшкөн. Жактоочулар Жылдыз Мамбеталиева аудиогу маек чын эле болгонун ырастаган деп, анын стенограммасын ишке тиркөөнү суранышкан.

Мамлекеттик айыптоочулар өз кезегинде бул аудио мыйзамсыз жол менен табылган деп эсептеп, анын иш материалдарга тиркелишине каршы болушту.

- Мамбеталиеванын үстүнөн Башкы прокуратура текшерүү жүргүздүбү же жүргүзгөн жокпу, ишке тиешеси жок. Мамбеталиева тергөө учурунда да, соттук отурумда сурак бергенде да көрсөтмөлөрү туруктуу болгон, - деди прокуратура өкүлү.

Аида Салянова сотто Жылдыз Мамбеталиевага да бийлик тараптан кысым көрсөтүлүп жатышы мүмкүн экендигин эскертти.

- Муну [Мамбеталиеваны] бийлик куугунтукка алган. Коркутуп, ушундай көрсөтмө бересиң деп калп айтууга түрткөн. Аудиодо ал менин да көйгөйлүү иштерим бар, мени эле эмес, күйөөм экөөбүздү күнөөлөп жатышат деген. Демек алардын кандайдыр бир кылмыштуу иштерин жаап, соодалашып, мага каршы көрсөтмө бересиң деп мажбурлашкан.

Жылдыз Мамбеталиева
Жылдыз Мамбеталиева

Буга чейин мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева "Азаттык" радиосуна бул боюнча комментарий берип, Аида Салянова аудио жаздырып алып, жоопкерчилигин кол алдындагыларга артып жатат деп билдирген.

- Мен күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айткан эмесмин. Аны сот аныкташы керек. Эң негизгиси Елисеевдин лицензиясын жандантуу боюнча Юстиция министрлигинин буйругуна Салянова кол койгон деп айтып атам. Аны өзү да танган жок. Бирок аудио жаздырып алып, ар кандай аракеттери менен өзүнүн кандайдыр бир жоопкерчилигин кол алдында иштеген адамдарга артуу аракетин көрүп жатат. Жетекчи кайсы бир чечимге кол койсо ошого жооп бериши керек. Ал эми жанагинтип жазып алып, тыңчылык жоруктарды жасаганын тергөөгө басым жасоо катары баалап жатам. Эгерде сот Салянованын жоопкерчилигин аныктаса аны кол алдындагыларга төңкөөгө умтулуп жатат деген ойдомун.

Буга чейинки сот жараяндарында Жылдыз Мамбеталиева сотко күбө катары келбей тургандыгы боюнча өтүнүч кат калтырып, тергөөдөгү көрсөтмөсүн сотто окуп коюуну суранган. Анда ал сот учурунда ага айыпталуучулар тарабынан коркутуу болгонун түшүндүрүп, мурда берген көрсөтмөсүн ырастай турганын жазган.

Жактоочу тараптын дээрлик бардык өтүнүчтөрү четке кагылган соң, сот иштин материалдарын изилдөөгө киришти. Жети томдон турган кылмыш ишинин кечээ биринчи тому изилденип бүттү. Кийинки отурум 23-августта уланмакчы.

2016-жылдын 26-декабрынан бери тергөө алдында жүргөн Аида Салянова Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталып келет. Алексей Елисеев 2010-жылы орун алган ыңклаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал азыр Латвияда адвокаттык ишмердигин улантууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG