Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Мамбеталиева: Салянова өз жоопкерчилигин кол алдындагыларга артуу аракетинде


Жылдыз Мамбеталиева.
Жылдыз Мамбеталиева.

Мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева "Азаттык" радиосуна Алексей Елисеевдин лицензиясына байланыштуу депутат Аида Салянова менен пикир келишпестиктери тууралуу маалымат берди.

- Мен күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айткан эмесмин. Аны сот аныкташ керек. Эң негизгиси Елисеевдин лицензиясын жандантуу боюнча Юстиция министрлигинин буйругуна Салянова кол койгон деп айтып атам. Аны өзү да танган жок. Бирок аудио жаздырып алып, ар кандай аракеттери менен өзүнүн кандайдыр бир жоопкерчилигин кол алдында иштеген адамдарга артуу аракетин көрүп жатат. Жетекчи кайсы бир чечимге кол койсо ошого жооп бериши керек. Ал эми жанагинтип жазып алып, тыңчылык жоруктарды жасаганын тергөөгө басым жасоо катары баалап жатам. Эгерде сот Салянованын жоопкерчилигин аныктаса аны кол алдындагыларга төңкөөгө умтулуп жатат деген ойдомун.

Буга чейин мурдагы башкы прокурор, юстиция министри, азыркы кездеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова менен мурдагы министр Жылдыз Мамбеталиеванын сүйлөшкөн аудиосу интернетке жарыяланган. Анда 2010-жылы Салянова Юстиция министрлигин жетектеп турган кезде Елисеевдин лицензиясына кол коюлганы эске салган. Салянова документке Мамбеталиеванын сунушунун негизинде кол койгонун айтканы жазылган. Бул окуядан кийин Жылдыз Мамбеталиева Фейсбуктагы баракчасына Салянованы айыптаган билдирүү калтырган.

Бүгүн Башкы прокуратура юстиция министри болгон учурда кызмат абалынан ашкере пайдаланып, кылмышка шектелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген жүйө менен депутатка кылмыш ишин козгоду. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG