Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Аида Салянованын сотунда күбөлөрдү суроо уланат


Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту уланат. Адвокат Улан Жумаковдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, соттук отурумда күбөлөрдү суралат.

Буга чейин негизги күбө болгон мурдагы юистиция министри Жылдыз Мамбеталиеваны чакыруу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG