Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Конституциялык палата парламентке жан тартты


Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин карады. 2-декабрь, 2020-жыл.
Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин карады. 2-декабрь, 2020-жыл.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламент депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп тапты. Мындай чечим Конституциялык палатанын 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды.

Бул иш боюнча арыз берген доогерлер муну "саясий чечим" деп атап, бийлик судьяларга басым кылганын айтып жатышат. Алар Конституциялык палата Кыргызстан мыйзамдуу жолго түшүү үчүн тарыхый чечим кабыл алууну колдон чыгарды деп эсептешет.

Конституциялык палатанын судьялары 2-декабрда парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Конституцияга шайкештигин карады. Жыйынтыгында "документ Баш мыйзамга каршы келбейт" деген бүтүм чыгарылып, чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду:

Карыбек Дүйшеев.
Карыбек Дүйшеев.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» конституциялык мыйзам Конституциянын 2, 3, 5, 16, 20, 52, 70, 71 жана 80-беренелерине каршы келбейт деп таанылсын. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт», - деди Дүйшеев.

Конституциялык палата бул чечими менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү жана VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтүнө байланыштуу маселеге чекит койду.

Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага «Реформа» саясий партиясы, анын лидери Клара Сооронкулова жана юристтер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышты.

Таалайбек Усубалиев Конституциялык палатанын Жогорку Кеңешти колдогон чечимине мындай баа берди.

«Парламент кабыл алган мыйзам Конституцияга каршы келерин бардык жагынан далилдеп бердик. Ошондуктан Конституциялык палатанын чечимине макул эмесмин. Мен муну "саясий чечим" деп ойлойм. Себеби, ошол эле Венеция комиссиясы өз корутундусунда «мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш жөнөкөй гана мыйзамдарды карайт. Бирок өлкөнүн жашоо-турмушуна таасирин тийгизе турган негизги чечимдерди кабыл ала албайт» деп жазды. Эми биз эл аралык уюмдарга эмне деп жооп беребиз?».

Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам долбоорун бир күндө дароо үч окууда кабыл алган. Ага ушул эле күнү ошол учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кол койгон. Анда парламенттик шайлоо Конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтөт деп жазылган жана Жогорку Кеңештин иш мөөнөтү ошого чейин узартылган.

Парламенттин тогуз депутаты иштеп чыккан мыйзамда шайлоону жылдырууга Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгы, коронавирус оорусуна байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал негиз болгону белгиленген.

Бул документ мыйзамсыз кабыл алынганын айткан юристтер бир катар кемчиликтерди санап беришти. Алардын сөзүнө караганда, мыйзам 22-октябрда коомдук талкууга чыгарылып, ошол эле күнү үч окууда кабыл алынды жана жарандарга мыйзамды талкуулоого убакыт берилген жок. Мыйзамга 83 депутат «макул» деп добуш бергени айтылганы менен иш жүзүндө болгону 78 депутат жыйынга катышкан. Калганы ишеним кат аркылуу добуш берген. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, мыйзам долбооруна ишеним кат менен добуш берүүгө болбойт.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Конституциялык палата ушуга окшогон толгон-токой мыйзам бузууларга көз жуумп койду деген пикирде.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Бизде булар Венеция комиссиясынын корутундусуна таянып туура чечим чыгарат деген ишеним бар болчу. Бирок Конституциялык палатанын чечими көз боёмочулук болуп калды. Алар биз келтирген жүйөлөрдү «туура» деп келатып эле корутундусуна «мыйзам Конституцияга каршы болбойт» деп тапты. Бул да саясий чечим, саясий буйрук болуп калганы өтө өкүнүчтүү».

18-ноябрда Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоону жылдыруу маселеси боюнча чукул корутундусун жарыялаган. Анда «парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүүлүгү жок» деп жазылган.

Сооронкулова Конституциялык палатанын чечими бийликтин басымы менен кабыл алынды деген ойдо.

«Саясий басым сөзсүз болот. Айрым учурларда соттор «бийликке жакпаган чечим чыгарып коюп сөгүш алып калбайлы» деп да коркушат. Себеби, президенттин аппаратты мындай чечимдерге кийлигишпейт койбойт. Азыр Конституциялык палата тарыхый чечим кабыл алып өздөрүнүн позициясын билдирип койгондо жалпы эле бул системада жылыш болмок».

Жогорку Кеңештин жана президенттик аппаратын өкүлдөрү парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырган мыйзамга каршы арыздангандардын жүйөсүнө макул эмес. Алар документте көрсөтүлгөндөй эле өлкөдөгү экономикалык жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган мыйзам туура болгон деп билдиришти.

Президенттик аппаратын өкүлү Таштемир Чилдебаев басым тууралуу дооматтарга жооп берди.

«Социалдык тармактарды карасаңар, Конституциялык палатанын судьяларына башка адамдар тарабынан катуу басым болду. Мыйзамга каршы болгон жарандык активисттер, саясий ишмерлер «Конституциялык палата мындай чечим кабыл алыш керек. Мыйзамды жокко чыгарыш керек» деп жатышты. Мен ошону басым деп ойлойм. Клара Сооронкулова «саясий басым болуп жатат» деген менен бир да факт, аргумент келтирген жок».

Ушул эле маселе боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Эмил Өскөнбаев «Азаттыктын» суроосуна жооп берди.

Эмил Өскөнбаев.
Эмил Өскөнбаев.

«Кандай десем. Басым болгон күндө да аны ачык айтып, көрө албайсың да. Басым болду деп айтканга эч кандай негиз жок. Мен сиздерге ушундай жооп берет элем».

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы ондон ашык саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок кийин Жогорку Кеңеш президентти жана парламентти шайлоо жараяндарын жөнгө салуучу конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калган.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 11 судьясы бар. Учурда үч судьянын орду бош.

Конституциялык палатанын иштеп жаткан судьялары:

Карыбек Дүйшеев (төрагасы), Эмил Өскөнбаев, Жедигер Саалаев, Мээргүл Бобукеева, Латип Жумабаев, Мукамбет Касымалиев, Кырккелди Кыдырбаев, Жамил Шаршеналиев.

XS
SM
MD
LG