Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

10-премьерге кылмыш иши козголду


Мухаммедкалый Абылгазиев. УКМК мурдагы өкмөт башчынын мүлкү деп тараткан сүрөттөр менен жасалган коллаж.
Мухаммедкалый Абылгазиев. УКМК мурдагы өкмөт башчынын мүлкү деп тараткан сүрөттөр менен жасалган коллаж.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “Кумтөр Голд” компаниясына кошумча жер бөлүп берүүдө мыйзам бузганы үчүн айыпталып, камакка алынды.

28-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министрдин бөгөт чарасын карады. Ага ылайык, Абылгазиев 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Сот Абылгазиевден Бишкектеги 100 батирге байланыштуу айыпты алып салганын анын адвокаты Данияр Эркимбаев кабарлады.

Атайын кызматтын шек саноосу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуу менен кол койгон деп шек саналып жатат.

«Абылгазиев премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген жана негизсиз, улуттук мыйзамдарды бузуу менен «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу үчүн кошумча аймактарга ээ болушу үчүн токтомго кол койгон», - деди атайын кызматтын өкүлү.

Атайын кызматтын кабарлашынча, кол койгон токтомго ылайык «Кумтөр Голддун» аймагы 26,3 миң гектар болуп көбөйтүлөт.

Абылгазиев 26-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин адвокаты Данияр Эркинбаев “Азаттыкка” буларды айтып берди.

«Азырынча эч кандай айыбын угузуп, күнөө коё элек. Эми тергөө иликтейт деген ишеничте болуп жатабыз. Мен кечээ сурагына катышкам, Кумтөр боюнча суроо да болгон жок. Демек, булар маалыматты алдын ала берип жатышат. Бул туура эмес нерсе. Күнөөсүздүк презумпциясы деген бар. Булар коомдук көз карашты жаратып жатышат», - деди жактоочусу.

Кумтөргө берилген кошумча жердин чоо-жайы

Эми атайын кызмат азыноолак маалымат берген «Кумтөр Голддун» кошумча аянтынын чоо-жайына токтолсок.

2009-жылы кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенинин аянтын кеңейтүү үчүн мурдагы бөлүнгөн 10 миң гектардан бөлөк, дагы кошумча 16 330 гектар жер бөлүүгө макул болуп, концессиялык келишимге кол коюшат.

Ошентип, кендин жалпы аянтты 26 400 гектарга жетет. Бирок, 2012-жылы ошол кездеги Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөт кошумча жерди кайтаруу боюнча токтом чыгарат.

Кийин 2019-жылы 3-июлда ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик маанидеги кен казыла турган жерлердин реестрин бекиткен токтомго кол койгон. Ал документте Кумтөр алтын кенинин аянты 26 320 гектар жер деп жазылган.

2019-жылы бир нече массалык маалымат каражаттары, анын ичинде «Азаттык» радиосу «Кумтөр Голддун» ишканасына 16 миң гектер жер кошумча берилгени, анын төрт миңдей гектары уникалдуу корук саналган Сары-Чат-Ээр-Таштын аймагына кирип кеткени жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялашкан.

Анда көз карандысыз эксперттер 2012-жылдагы өкмөттүн «Кумтөр Голддун» ишканасына берилген жерди кайтарып алуу жөнүндө чыккан токтомду көрсөтүп, 16 миң гектар аянттын мыйзамсыз берилип калганын айтып чыгышат.

Бирок Абылгазиев башында турган өкмөт 2009-жылдагы кошумча жер бөлүп берилген концессиялык келишимдин шарттарын аткарышканын билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Имнакожоева Кумтөр кенинин аянты мыйзамсыз көбөйтүлгөн деп айтып жүргөндөрдүн бири. Ал буга Абылгазиевдин күнөөсү бар деп эсептейт.

«26 гектарды бекиткен болбойт болчу. Анткени мурдагы концессиялык келишим боюнча аянт белгиленген да. Эми андан чыгып кетип жатпайбы. Эгерде кошумча жер бериле турган болсо анын техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлүп, алтындын кору эсептелиши керек. Ошол алтынды бөлүү боюнча сүйлөшүп өзүнчө түзүлүшү керек болчу».

2019-жылы “Кумтөр” компаниясына берилген жер боюнча парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети да маселе көтөргөн. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул боюнча Кумтөр кенине чейин барып келишкен.

Комитет башчысы, депутат Кожобек Рыспаев мындай деди.

«Юридикалык жактан алганда 2009-жылы концессиялык келишимге 26 миң гектар деп кирип калган. 2010-жылы өкмөт токтом чыгарып берип койгон экен. Андан кийин 2012-жылы Бабанов кайра кайтарыптыр. Ошол бойдон туруп турса болмок. Бирок, тигилер ратификация болгон, болбосо кетип калабыз дешкен. Алар кетип калса, алар таштап кеткен уу калдыктар менен калмак белек? Муну тергөө дыкат иликтеши керек. Менин пикиримде, Абылгазиев юридикалык жактан кол коюуга аргасыз болду го дейм».

Абылгазиевдин “байлыгы”

Мындан сырткары УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп, имараттардын сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев 2020-жылдын 21-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берген.

Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Анда Абылгазиев «Жетекчи болуп турганда эч кандай мыйзам бузган эмесмин, тергөөнүн калыс жүрүшүнө ишенип турам», - деген.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу 2020-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.

Абылгазиев 2003-жылы Социалдык фонддо иштеп баштап, 2010-жылдан 2016-жылга чейин бул мекемени жетектеген.

2016-жылы апрель айынан, 2017-жылга чейин биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалайт. 2017-жыл август айынан баштап, президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Ушул эле жылдын сентябрынан баштап 2018-жылга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кийин жетекчиси болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG