Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Абылгазиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды


Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт.
Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасын карады.

Райондук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, Абылгазиев 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Мурдагы өкмөт башчынын адвокаты Данияр Эркимбаев сот чечимине каршы жогорку инстанцияга даттана турганын журналисттерге маалымдады.

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган.

УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп да шек саноодо.

Экс-премьер былтыр октябрда пандемияда гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыккан.

Сурактан кийин ал журналисттерге жетекчи болуп турганда эч кандай мыйзам бузбаганын билдирген.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG