Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Бишкектеги 19 мектеп жана бала бакча газ менен жылытууга өткөрүлөт


Меморандумга Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жана «Газпром Кыргызстандын» жетекчиси Болот Абилдаев кол коюшту.
Меморандумга Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жана «Газпром Кыргызстандын» жетекчиси Болот Абилдаев кол коюшту.

Бишкектеги 20 чакты мектеп жана бала бакча көмүр отундан газга өткөрүлөт. Бул тууралуу 28-январда баш калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаар бийлиги «Газпром Кыргызстан» ишканасы менен меморандум кабыл алып, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасына караштуу айрым мештерди жаратылыш газы менен жылытууну макулдашты.

Меморандум Бишкекте жана Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын 2021-2023-жылдарга карата планынын алкагында иштелип чыкканы айтылды.

Планга ылайык, быйылкы жылдын 1-октябрына чейин үч бала бакча, 15 мектеп жана бир ишкана газ менен жылытуу системасына өткөрүлөт.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасына баш калаадагы жылытуучу 66 жай карайт. Алардын 21и көмүр, 23ү газ, 11и электр энергиясы, 11и аралаш отун менен иштейт. Жыл сайын аларды тейлөөгө шаардык бюджеттен 36 миллион сом бөлүнөт.

Бишкекте соңку жылдары абанын булганышы орчундуу экологиялык маселелердин бири болуп турат. Адистер буга Жылуулук электр борборунан, автомашиналардан жана үй жылытуудан чыккан ыш себеп болгонун белгилеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG