Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Курсан Асановдун бөгөт чарасы райондук сотто каралууда


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон генерал Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова маалымдады.

Асановдун тарапташтары сот имаратынын сыртында пикет уюштурушту.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна жеткирилген.

Генерал 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган.

Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG