Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Орусияда Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнүн үйлөрү тинтилди


Олег Навальный.
Олег Навальный.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын 15ке жакын үзөңгүлөшүнүн үйүндө тинтүү жүрдү.

Полиция жана Тергөө комитетинин кызматкерлери Навальныйдын жубайы Юлия, иниси Олег Навальный, басма сөз катчысы Кира Ярмыш, Коррупцияга каршы күрөш фондунун кызматкерлери Любовь Соболь, Георгий Албуров, Олег Степанов жана бир нече адамдын батирлерлерин тинтүүгө алышты.

Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Коррупцияга каршы күрөш фондуна жана «Навальный LIVE» cтудиясына да келишти. Алар тинтүүнүн жүрүшүндө бул жайлардагы бардык электрондук жабдыктарды, телефондорду алып кетишти.

Текшерүү коронавирус боюнча санитардык эрежелерди бузууга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында жүргөнү айтылды. Кийинчерээк Любовь Соболь жана Олег Навальный дал ушул иш боюнча убактылуу кармоочу жайга 48 саатка кармалганы белгилүү болду. Жакын арада алардын бөгөт чарасы каралышы мүмкүн.

Ал ортодо 28-январда Алексей Навальныйды камакка алууга каршы апелляциялык арыз сотто каралганы жатат. Буга чейин Навальныйдын аймактардагы штабынын башчысы Леонид Волков соттук жараян өтөрү жөнүндө күтүүсүздөн маалымат алышканын билдирген.

Ал эми АКШнын жаңыдан ишке кирген мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Навальныйдын айланасындагы абалга «терең тынчсызданып жатканын» билдирип, Орусияга карата жаңы чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин четке каккан жок. Блинкен ал кандай чаралар экенин тактаган жок.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган.

23-январда Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар Орусиянын ондогон шаарларында өтүп, анын жүрүшүндө 4000ге жакын адам кармалган.

XS
SM
MD
LG