Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Жапаров президенттик башкаруу аркылуу мыйзам диктатурасы орной турганын айтты


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Мамлекет башчылык кызматка расмий түрдө киришкен Садыр Жапаров Кыргызстан президенттик башкаруу аркылуу мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттик үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду түзө алат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-январда инаугурация аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров белгилегендей, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол үчүн калың элдин алдында жооп бере алган бийлик системасына муктаж болуп турат.

«Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу адам укуктарын басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө деген кеп эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Тар, өзүмчүл кызыкчылык үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет кылган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Ошону менен бирге, президенттик башкаруу өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий, экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдөө, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу түзүмдөрдөн иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет», - деди ал.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. (RK)

XS
SM
MD
LG