Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

«Аэрофлот» Москва-Бишкек-Москва каттамын март-апрелде чектейт


Эл аралык «Манас» аэропорту.
Эл аралык «Манас» аэропорту.

Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы COVID-19 пандемиясынан улам 80 шаарга эл аралык күнүмдүк каттамын чектөөдө. Алардын арасында Бишкек жана Ош шаарлары да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Каттамдар 28-марттан 30-апрелге чейин бир айга чектелип жатат. Бирок, ошол маалда аталган компаниянын «Москва-Бишкек-Москва» багытындагы аптасына бир жолу белгиленген рейси жума күндөрү адаттагыдай уча берет.

Азыркы тапта аталган компания күн сайын Москва-Бишкек-Москва жана Москва-Ош-Москва багытында учуусун улантууда.

Тышкы иштер министрлиги эки өлкө ортосундагы учак каттамдарын көбөйтүү маселеси талкууланып жатканын кабарлады.

"Аэрофлоттон" тышкары Москва-Бишкек-Москва каттамында жүргүнчүлөрдү "Авиа трафик" компаниясы аптасына бир жолу ташыйт.

Буга чейин Орусияга учак билеттеринин баасы өтө кымбат болуп жатканы коомчулукта кызуу талкууланган. (BCh)

XS
SM
MD
LG