Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Журналист Таалайбек Дүйшөналиев каза болду


Журналист Таалайбек Дүйшөналиев.
Журналист Таалайбек Дүйшөналиев.

Нарын облустук медиа борборунун директорунун гезит жана сайт боюнча орун басары, 61 жаштагы Таалайбек Дүйшөналиев 27-январь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысына журналист Максат Абдракунов билдирди:

«Эки күндөн бери ооруп ийне алып аткан экен, кан басымы түшүп кетиптир. Мурун инсульт алып, кайра тез эле тыңып кеткен. Өзү абдан кичи пейил адам эле. Биз он жылдан ашык «Теңир-Тоо» гезитинде чогуу иштедик».

Таалайбек Дүйшөналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1985-жылы Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин редакциясында кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

Нарын райондук «Жеңиш», «Теңир-Too» гезиттеринин редакцияларында кабарчы, бөлүм башчы кызматтарында иштеген.

1995-жылдын май айынан 2019-жылдын декбарь айына чейин облустук «Теңир-Too» гезитинин башкы редактору болгон. Акыркы жылдары аймактык медиаларды реформалоонун алкагында уюштурулган облустук медиа борборунун гезит жана сайт боюнча орун басары болуп иштеп келген. (BsB)

XS
SM
MD
LG