Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Абдил Сегизбаевдин тарапташтарын милиция кармап кетти


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин он чакты тарапташын жана аялы Айнура Сегизбаеваны Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткени маалым болду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Сегизбаевдин тарапташтары кабарлашты.

Камакка алынган Сегизбаевди колдоо максатында таңкы саат тогуздан баштап бир нече адам Филармониянын алдына пикетке чыккан. Аларды Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкени айтылууда. Шаардык ички иштер бөлүмү маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынган.

27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG