Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Коронавирус жуккан 206 адам оор абалда


Медицина кызматкери, Бишкек шаары.
Медицина кызматкери, Бишкек шаары.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 28-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан үч адам каза болду. 128 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1408 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 303 адамга жетти.

Стационарда 618 бейтап дарыланууда, алардын ичинен төрт киши канааттандыраарлык абалда, 387 адам орто, 206 киши оор, 21 адам өзгөчө оор абалда жатат. Ал эми үйүнөн 863 бейтап дарыланып жатат.

28-январда эки медицина кызматкерине коронавирус жукту.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медиктердин жалпы саны 4170 адам болсо, алардын ичинен 4083и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG