Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Иликтөө Бишкектин абасы кооптуу экенин көрсөтүүдө


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 28-январда Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 471-495 болгонун көрсөттү.

Уюмдун маалыматына караганда, бул көрсөткүч аба өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Азыр Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты.

Ал эми Бишкектин четинде, Чүйдүн Лебединовка айылында индекс 584кө жетти.

Алдыңкы он сапта Бишкектен кийин Индиянын Дели, Мумбай, Колката, Бангладештин Дакка, Пакистандын Карачи, Лахор, Непалдын Катманду, Хорватиянын Загреб, Кытайдын Чэнду шаарлары турат.

Аталган калааларда индекс 177ден 283кө чейинки санды көрсөтүп, Бишкектен бир топ айырмаланат. Эреже боюнча индекс 50дөн ылдый болгондо гана ден соолукка коопсуз деп эсептелет.

Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек. (NT)

XS
SM
MD
LG