Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Аида Салянова: Эл аралык сотко кайрылууга мажбур болом


Аида Салянова соттук териштирүүлөрдүн биринде. Архивдик сүрөт.
Аида Салянова соттук териштирүүлөрдүн биринде. Архивдик сүрөт.

Мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянова Жогорку соттун чечимине байланыштуу эл аралык сотторго кайрылууну караштырып жатканын билдирди.

Жогорку соттун 27-январдагы чечиминен кийин «Фейсбук» баракчасындагы түз эфир учурунда Салянова жүрөк оорусунан улам операция жасатышы керек экенин, бирок Орусия, Түркия сыяктуу чет мамлекеттерге барып дарыгерлерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты. Сот чечимин ал саясий мүнөздөгү өч алуу катары баалады:

«Менин диагнозумду беш колдой билишет. Эмне деген оюңар бар? Негизи, беш-алты жаңы ачылган жагдайлар бар эле. Ушундай саясий чечим чыгарын билгендей эле сотко үчөөнү эле киргиздим. Дагы жагдайлар бар. Аны азыр киргизбейм. Саясий абал кандай болорун көрөм. Дагы бир мүмкүнчүлүк бар. Бул - эл аралык сот. Негизи, мен аны эл аралык сотко жеткиргим келген жок. Кыргызстандын, кыргыз бийлигинин абийирин дүйнөгө ачкым келген эмес. Ички процедура менен бүтсө деген оюм бар болчу. Андай мүмкүнчүлүк мага берилбесе, эл аралык уюмдарга кайрылганга мажбур болом. Мен ал жактан утарыма ишенем».

Жогорку сот 27-январда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.

Буга байланыштуу Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

Ал 2011-2015-жылы Башкы прокурор, 2010-жылы юстиция министри болуп иштеген. Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясынан депутат болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG