Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши чакырылды


Садыр Жапаров, шайланган президент. Бишкек. 11-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров, шайланган президент. Бишкек. 11-январь, 2021-жыл.

Кыргызстандын шайланган президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда ант берип, кызматына расмий түрдө киришет.

Инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши чакырылган.

Алардын баары коронавируска ПЧР анализ тапшырган. Маалыматка караганда, иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат.

Инаугурацияны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар саат 10.45те түз алып көрсөтө баштайт.

Борбордук Ала-Тоо аянтында да иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланды. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. (NT)

XS
SM
MD
LG